Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Аскарбек Джаныбеков Римде өткөн БУУнун Азык-түлүк системалары боюнча саммитте билдирүү жасады – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр Аскарбек Джаныбеков Римде өткөн БУУнун Азык-түлүк системалары боюнча саммитте билдирүү жасады

2021-жылдын 26-28-июль күндөрү, Римде БУУнун Азык-түлүк коопсуздугунун системалары боюнча эл аралык конференция өттү. Белгилей кетсек, самиттин жыйынтыгы ушул жылдын сентябрь айында Нью-Йорк шаарында өтөт.

Эл аралык конференцияга 100дөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышып, Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков катышты.

Иш-чарада азык-түлүк коопсуздугунун негизги көйгөйлөрү жана аны туруктуу өнүктүрүүнүн, анын ичинде (2030-жылга чейин азык-түлүк коопсузудугунун көйгөйлөрүн чечүү менен жакыр өлкөлөрдөгү ачарчылыкты жоюу) жолдору каралды.

Министр Аскарбек Джаныбеков өз сөзүндө азык-түлүк коопсуздугунун тутумун жакшыртууга багытталган Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарын белгилөө менен азык-түлүккө бирдей жетүүнү камсыздоо үчүн инклюнсивдүү ыкманы киргизүүнү сунуштады.

«Кыргызстан өлкөсү азык-түлүк системасын жакшыртуу максатында жигердүү иштерди жүргүзүү менен эл аралык рынокко чыгууга даяр”- деп кошумчалады.

Саммиттин алдында министр Аскарбек Джаныбеков ресурстарды үнөмдөө жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо темасын көтөрдү. Температуранын жогорулашы реликт мөңгүлөрүнүн аянтынын катастрофалык түрдө кыскарышына алып келет. Министр мөңгүлөрдүн ээриши бир эле Кыргызстандын же коңшу мамлекеттердин көйгөйү эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын глобалдуу көйгөйүнө айланып, бул маселе азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизе турганын белгиледи.

“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой эле, Кыргыз Республикасы тоолуу өлкө. Маселен, тоонун кар баскан мөңгү чокулары Борбордук Азиянын суу бассейнинин 50% ын түзөт. Демек, мөңгүлөрдүн сактоо биздин жоопкерчилик. Жаратылыш ресурстар ата-бабаларыбыздан калган байлык эмес, тескерисинче, биздин келечек урпактардын байлыгы, алардын жыргалчылыгы, биз муну келечек муун үчүн сактоого милдеттүүбүз!” – деп баса белгиледи министр Аскарбек Джаныбеков.

Иш сапардын жыйынтыгында, БУУнун колдоосу менен мөңгүлөрдү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо долбоорунун алкагында жигердүү иштер жүргүзүлмөкчү.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button