Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Аскарбек Джаныбеков Казакстан Республикасынын делегациясы менен жолукту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Министр Аскарбек Джаныбеков Казакстан Республикасынын делегациясы менен жолукту

15-мартта Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана мелиорация министри А.Джаныбеков, Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов, Казакстан Республикасынын Экология, геология жана жаратылыш ресурстарынын вице-министри Серик Кожониязов, Казакстан Республикасынын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин Автомобиль жолдору комитетинин төрагасы Сайранбек Бармаков, Казакстан Республикасынын Эл аралык кызматташтык департаментинин директору Канат Олжабаев, “КазахЭкспорт” ААК башкармасынын төрагасынын орун басары Аслан Калигазин жана “QazTrade” ААКтын PR менеджери Юлияна Жихор менен жолукту.


Жолугушууда агроөнөр жай комплекси жаатындагы кызматташтык, товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн потенциалдуу өнүмдөрдүн тизмеси, айыл чарба кооперациялары, товарларды бөлүштүрүү тармагы, Евразиялык товарларды бөлүштүрүү тутуму, соода жана логистикалык борборлор, трансчек аралык дарыялардын суу ресурстарын пайдалануу жана Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара кызматташтыгы тууралуу сүйлөшүүлөр болду.


Министр А.Джаныбеков жолугушуунун жыйынтыгында мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button