Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Аскарбек Джаныбеков Европа бирлигинин делегация мүчөлөрү менен жолукту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр Аскарбек Джаныбеков Европа бирлигинин делегация мүчөлөрү менен жолукту

2021-жылдын 4-майында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков  Европа бирлигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Аур жана делегация мүчөлү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, элчи Эдуард Аур Европа бирлигинин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө кененирээк токтолуп, Мындан ары да суу чарба тармагында белгиленген форматта иштөөнү улантуу үчүн атайын  “Улуттук таза суу” стратегиялык долбоору менен иштөөнү сунуштады. Ошондой эле, элчи Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы аркылуу жарандарды таза суу менен камсыздоо программасын ишке ашырууну колдоп келет.

Министр Аскарбек Джаныбеков Европа бирлигинин ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, бул маселени жумушчу тартипте иштеп чыгууну менен жалпы делегациясы менен кайрадан жолугушууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында  эки тарап “Улуттук  таза суу” стратегиялык долбоорун иштеп чыгууда мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button