Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Күздүк оруп жыйуу иштеринин жүрүшү боюнча 4-сентябрга карата маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Күздүк оруп жыйуу иштеринин жүрүшү боюнча 4-сентябрга карата маалымат

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2020-жылы жалпы айдоо аянты 1223,6 миң га түзүп, өткөн жылдан 6,9 миң га көп болду.    Пайдаланылбаган  айдоо жерлердин аянты 56,6 миң га түзүп, өткөн жылга салыштырганда 6,7 миң га азайды.

– 2015-жылы-90,0 миң болсо, 2016-жылы-81,9 миң га, 2017-жылы 74,8 миң га, 2018-жылы 67,3 миң га жана 2019-жылы 63,3 миң га түзгөн.

Быйылкы жылы айылдык товар өндүрүүчүлөр үрөн менен жетиштүү камсыз болушту. Ошондой эле минералдык жер семирткичтер, химикаттар, биологиялык препараттар  менен камсыз болуп турулду. Дизельдик отун майлоочу майлар жана айыл чарба техникалар  менен камсыздоодо да көйгөйлөр болгон жок. 

Оруп жыйноого комбайндардын   85-90 %  катышып, республика боюнча ар бир комбайнга болгон  нагрузка   орточо 213 гектарды түзөт.

Дыйкандар 1,0 га жердеги буудай, арпаны  оруп берүүгө түштүк облустарда- 3000-4000 сомдон,  түндүк облустарда 1300 -2500 сомдон акы төлөп  жатышат.  

Айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо иштери үчүн керектелүүчү – 33,8 миң тонна дизелдик отундун 100,0 % талышып келинди. Дизелдик отундун 1 литрине  болгон орточо баасы- 32,0 сом болууда. Бул өткөн жылдан 5-6 сомго төмөн болду.  Кол койулган өз ара түшүнүү Келишимине ылайык, Нефтетрейдер Ассоциациясынын дизелдик отунду камсыздоо, жана баанын жогорулашына жол бербөө  боюнча иш жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы толук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн ыкчам маалыматы боюнча, республиканын түштүк облустарында өстүрүлгөн кылкандуу дан өсүмдүктөрү толук оруп жыйналып бүттүнүн алдында тура. Чүй облусунда буудай жыйноо иштери толук аяктады, ал эми Баткен облусунда арпа жыйноо иштери толук аяктады.

Жалпы республика боюнча кылкандуу дан эгиндер 392,8 миң га аянтта же 84,2% жыйналып, өткөн жылга салыштырмалуу 9,7 миң га көп жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк 26,5 ц/га болуп, 2019-жылдын көрсөткүчүнөн 1,9 ц/га көп болду. Жалпы дүң дыйым бункердик салмакта 1041 миң тоннаны түзүп, ошондой эле 2019-жылдан 100,0 миң тоннага көп жыйналды.

Буудай

Республика боюнча буудай жыйноо иштери ылдыйкы зонадагы райондордо толук жыйналып бүттү. Жалал-Абад облусунун Токтогул, Чаткал жана Тогуз-Торо райондорунда, Ош облусунун Алай жана         Чоң-Алай райондорунда оруп жыйноо иштери уланууда.

Буудай 208,2 миң га оруп жыйналды (84,1%), оруп жыйноо аянты 2019- жылдын ушул мезгилине карата 8,7 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк 27,9 ц/га болуп, ошондой эле былтыркы жылдын деңгээлинен 2,1 ц/га көп болууда. Дүң жыйым 581,5 миң тоннаны түзүп, 2019-жылга караганда 66,9 миң тоннага көп топтолду.

Облустардын ичинен жогорку түшүмдүүлүк Талас облусунда байкалып, жыйналган 5,0 миң гектардан орточо 32,5 центнерден түшүм алынууда.

Арпа

Республика боюнча 184,5 миң га аянтта жыйналып алынды, же себилген аянтка карата 84,2% түздү же 2019-жылга карата 1,0 миң га көп.  Орточо түшүмдүүлүк  24,9 ц/га,  өткөн жылга карата 1,7 ц/га көп болууда. Дүң жыйым 460,0 миң тоннаны түздү, же өткөн жылга карата 33,1 миң тонна көп топтолду.    Бардык облустарда арпанын түшүмдүүлүгү былтыркы жылга салыштырмалуу жогору болду.

Республиканын облустарынын ичинен эң жогору түшүмдүүлүккө Чүй облусу жетишти- жыйналган 110,5 миң га аянттын ар бир гектарынан орточо 26,7 ц/га түшүм алышты.

Жүгөрүн

Республика боюнча 17,8 миң га аянт жыйналып алынды, же  16,9%, 2019-жылга карата 2,6 миң га көп жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк  61,1 ц/га,  өткөн жылга карата 0,9 ц/га көп. Дүң жыйым 109,0 миң тоннаны түздү, өткөн жылга карата 17,0 миң тоннага көп жыйналды.

Түшүмдүүлүк боюнча жакшы көрсөткүч Талас облусу, жыйналган 0,3 миң га аянттан ар бир гектарынан 63,0 ц/га, же өткөн жылга карата 1,0 ц/га көп алынды.

Чанактуу өсүмдүктөр

Республика боюнча 3,3 миң га аянт жыйналып алынды, же жыйналуучу аянтка карата 5,3% түздү же 2019-жылга карата 0,5 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк  18,2 ц/га болуп,  өткөн жылдын деңгээлинде болууда. Дүң жыйым 6,0 миң тоннаны түздү, өткөн жылга карата 0,9 миң тонна көп.

Май өсүмдүгү

Отчеттук мезгиле карата республика боюнча 6,7 миң га аянт жыйналып алынды, же 34,1%, 2019-жылга карата 2,9 миң га аз. Орточо түшүмдүүлүк  13,8 ц/га,  өткөн жылга карата 0,5 ц/га аз. Дүң жыйым 9,2 миң тоннаны түздү, жана ошондой эле өткөн жылга карата 4,4 миң тоннага аз жыйналды.

         Картошка

Картошка казуу иштери – 24,6 миң га аянтта жүргүзүлдү же жалпы аянтка карата 32,2 % түздү жана  2019-жылы ушул мезгилде 21,1 миң га жыйналган. Орточо түшүмдүүлүк  167,8 ц/га,  өткөн жылга карата 2,9 ц/га көп. Дүң жыйым 412,6 миң тоннаны түздү, өткөн жылга карата 64,4 миң тонна көп.

Ысык-Көл жана Нарын облусарынан башка облустарда жашылча өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жүрүп жатат.

2020-жылдын 4-сентябрына карата республика боюнча жашылча 665,5 миң тонна жыйналды жана өткөн жылга карата 25,7 миң тоннага көп. Бахча өсүмдүгү республика боюнча 231,1 миң тонна жыйналды, өткөн жылга карата 7,4   миң тонна көп.

Облустардын ичинен эң жакшы көрсөткүч Жалал-Абад облусунда болуп, 213,0 миң тонна жашыл жыйнашты жана өткөн жылга салыштырмалуу 4,0 миң тоннага көп. Бахча өсүмдүктөрү да 98,0 миң тонна жыйналып, ошондой эле 2019-жылдан 3,0 миң тоннага көп.

Пахта

Республика боюнча  отчеттук датага 0,4 миң тонна пахтанын-булагы жыйналды, же өткөн жылга карата  0,1 миң тоннага аз, себеби пахтанын аянты быйылкы жылы 21,8 миң га аянтка эгилип, былтыркы жылдан 2,7 миң га аз себилген.

Тамеки

Республика боюнча  540 тонна тамекинин-жалбырагы жыйналды, же өткөн жылдын деңгээлинде болууда. Быйылкы жылы тамекинин себүү аянтты  болгону 0,36 миң га болду.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button