Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги: Кыргызстанда сүт палатасы түзүлөт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги: Кыргызстанда сүт палатасы түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде өлкөнүн сүт палатасын түзүү боюнча жыйын болуп өттү.

Палатаны түзүү боюнча демилгелүү топтун курамына сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери, фермерлер жана министрликтин тиешелүү адистери кирген.

Министр Тилек Токтогазиев «Сүт палатасы инфраструктураны өнүктүрүү, ачык-айкын инвестициялык климатты түзүү жана инвестицияларды тартуу боюнча көптөгөн артыкчылыктуу функцияларга ээ болот. Ар бир тармактын өзүнүн адистери бар, тармакты өнүктүрүү жана өзүнүн саясатын жүргүзүү үчүн ассоциацияларды түзүп, олуттуу маселелерди чече алышат. Сүт палатасы ушундай ийгиликтүү мисал болуп калат”, – деди ал.

Сүт палатасынын ишмердүүлүгүнүн алкагында сүт өндүрүүнү кеңейтүү, айыл жеринде сүттү кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу, жеңилдетилген насыяларды берүү, сүттүн баасын турукташтыруу, сүттү экспорттоо ж.б.у.с. маселелер көтөрүлөт.

Жыл аягына чейин тиешелүү органдар менен сүт палатасын расмий каттоодон өткөрүү жол-жобосун аяктоо долбоорлонууда.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button