Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстанга жогорку сапаттагы үрөндөр алынып келинет – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстанга жогорку сапаттагы үрөндөр алынып келинет

2021-жылдын 5-апрелинде, КРнын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков түштүк жергесине болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан “Алтын Дан” үрөн чарбасына барды.

“Алтын Дан” чарбасы дан эгиндерин өндүрүү менен иш алып барат. Бүгүнкү күндө  чарбанын балансында 193 га жер  аянты дан эгиндерин өстүрүү үчүн пайдаланылат. Анын 103га жер жер аянты суугат жер.

2020 – жылы бул чарба жакшы жыйынтыктарга жетишкен.

Чарбанын мындан ары мол түшүм алышына жана эффективдүү иш алып баруу максатында, пионер жана сингента үрөндөрүн колдонуу менен азыркы сортторду өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизип, тапшырмаларды берди.

Эске сала кетсек, быйыл Казахстан, Өзбекстан жана Россия Федерациясы менен келишимдердин негизинде, Кыргызстанга жогорку сапаттагы үрөндөр алынып келинет.

Кыргызстандын дан өсүмдүктөрүнүн өндүрүмүн көбөйтүү үчүн кыска убакытта  жаңы сортторду киргизүү жана сортторду жаңылоо өтө манилүү экенин баса белгиледи министр.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button