Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Кадастр” агенттиги кыргыз-тажик чек арасында чыккан кандуу кагылышуунун кесепетинен үйүнүн документтери жоголгон жарандарга, документтерин калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтөт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Кадастр” агенттиги кыргыз-тажик чек арасында чыккан кандуу кагылышуунун кесепетинен үйүнүн документтери жоголгон жарандарга, документтерин калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтөт

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик жер ресурстар агенттиги Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасында чыккан кандуу кагылышуунун кесепетинен үйүнүн документтери жоголгон жарандарга, документтерин калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтөт.

Бул максатта Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмдөрүнө окуялардан жапа чеккен кыймылсыз мүлк объекттерин тактоо, анын натыйжасында менчик укугунун дубликаттарын берүү жана жабыр тарткан жеке турак жайлардын ээлерине кыймылсыз мүлккө укук белгилөөчү документтер (кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорту, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт, тиешелүү келишим ж.б.) берилет.

Ошол эле, Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү максатында Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акыларын которуу чечими кабыл алынды.

Мамлекеттик жер ресурстары агенттиги чек ара жаңжалынан жабыркагандарга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү улантат.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button