Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жумушчу топтун мүчөлөрү 4 группага бөлүнүп, эл менен жеринде жолугушуп, көйгөйлүү маселелерин угуп, пикир алышууда – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жумушчу топтун мүчөлөрү 4 группага бөлүнүп, эл менен жеринде жолугушуп, көйгөйлүү маселелерин угуп, пикир алышууда

2021-жылдын 29-30-июнь күндөрү Баткен облусунун өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ Баткен облусунун Баткен  райондорунун айыл аймактарын 4 группага бөлүнүп, эл менен жеринде жолугушуп, көйгөйлүү маселелерин угуп, пикир алышууда.

Жумушчу топтун курамында министрликтердин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана көз карандысыз эксперттер бар.

Биринчи группа социалдык маселелер менен, экинчи группа инфраструктура боюнча, үчүнчү группа коопсуздук маселеси боюнча жана төртүнчү группа калыбына келтирүү жөнүндө иш алып барышты.

Жергиликтүү тургундар суу каналдары,  чек-ара, сугат суу, таза суу, жол жана айыл чарба багытындагы кайра иштетүү өнөр жайларды куруу, техникаларды сатып алуу, ошондой эле социалдык маселелерди чечип берүүнү жумушчу топтон суранышты.

Жумушчу топтун мүчөлөрү Баткен облусун өнүктүрүү программасына облустун ар бир жаранынын сунуштары алымча, кошумча болоорун билдирди.

Жумушчу топтун мүчөлөрү эртең Кадамжай районунун айыл аймактарын кыдырмакчы.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button