Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү боюнча маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү боюнча маалымат

Министрлик 2021-жылдагы айыл чарба талаа иштерине алдын ала  даярдыктарды жүргүзүү, ошондой эле айдап себүү жана оруп жыйноо иштерин өз убагында өткөрүү  максатында, “2021-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жакынкы күндөрү бекитилет.

Жазгы жер айдоо иштерин жер жерлерде өз убагында өткөрүү  жана аны тез арада чечүү, штабдарды түзүү боюнча министирлик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү менен биргеликте  алдын ала уюштуруу иштерин жүргүзүп жатат.

Быйылкы жылы баардык дан эгиндеринин себүү аянттары 648,9 миң га түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 2 миң га көп күтүлүүдө. Мунун ичинен жалпы буудайдын себүү аянты 255,5 миң га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу  8 миң га көп болжолдонууда. 

Быйылкы жылы  региондор боюнча адистештирүүгө  өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Министрлик илимий жактан иштелип чыккан айдоо схемасын жана өсүмдүктөрдү айдоо иштерин жөнгө салуу максатында, жердин азыктуулугун сактоо жана көтөрүү, ошондой эле тоют маселесин чечүү үчүн  көп жылдык чөптөрдүн себилишин көбөйтүүнү сунуштайт. Ошондуктан, быйыл тоют өсүмдүктөрүнүн себүү аянты көбөйүп, жалпы  387,9 миң га болоору күтүлүүдө.

Ошондой эле, 2021-жылдын жазгы айдап себүүдө рентабелдүү айыл чарба өсүмдүгү болуп эсептелген пахтанын аянты былтыркы жылга караганда 1 миң га көбөйүп, жалпы аянт 22,8 миң га, жүгөрүнүн жалпы аянт 105,4 миң га болоору күтүлүүдө.

Чанактуу дан өсүмдүктөрүнүн себүү аянттары   61,2 миң га жерге себилип, же өткөн жылдан 0,8 миң га аз  күтүлүүдө. Кант кызылчасынын аянты 9,3 миң га түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 0,9 миң га көп болуусу болжолдонууда. Картошка, жашылча жана бакча өсүмдүктөрүнүн  себүү аянттары өткөн жылдын деңгээлинде 76,4-53,0-11,6 миң га  сунушталууда.

Май өсүмдүктөрү бул жылы 19,7 миң га аянтка себилди.

Жыйынтыгында, быйылкы жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн структурасынын  жалпы  себүү аянты 1230,0 миң га түзүп, же өткөн жылга салыштырмалуу 6,4 миң га кеңейиши болжолдонууда. Мындай көбөйтүү  негизинен аянттардын иштетилбей жаткан жерлердин эсебинен болот.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button