Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
ЕАЭБ агроөнөр жай комплексин жөнгө салган ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымдайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

ЕАЭБ агроөнөр жай комплексин жөнгө салган ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымдайт

5-февралда, Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде жүргүзүлүп жаткан асыл тукумдуу мал чарбасын асылдандыруу иштерин координациялоо жана аналитикалык камсыздоо тартибин бекитти.

Тартип ЕАЭБдеги селекциялык-асыл тукум иштерин координациялоо жана аналитикалык камсыздоо үчүн мамлекеттик органдардын, илимий уюмдардын, лабораториялардын, асыл тукум чарбаларынын эрежелерин белгилейт. Мындан тышкары, ушул аналитикалык иш менен алектене турган уюмдардын тизмеси аныкталды.

Буйрук күчүнө киргенден кийин, асыл тукум ишкердигин өнүктүрүү жана уюштуруу боюнча чечимдер, ошондой эле асыл тукум мал өстүрүү жаатында иш алып барган мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин жана уюмдардын координацияланган иш-аракеттери мамлекеттер тарабынан координациялык жолугушуулар учурунда биргеликте иштелип чыгат. Иштин мындай форматы асыл тукум иштери үчүн жооптуу процесстин бардык катышуучуларын бириктирүүгө жана пайда болгон маселелерди тез арада чечүүгө мүмкүндүк берет.

24-февралда комиссиянын коллегиялык мүчөлөрү меморандумдардын долбоорун жактырышты:

– ЕЭК менен Ислам азык-түлүк коопсуздугу уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

– ЕЭК менен Эл аралык Шекер уюмунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө;

ЕЭК менен Эл аралык Дан эгиндеринин кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө.

Ошондой эле¸ 5-мартта Евразия экономикалык комиссиясы продукциянын таңгактын маркировкасын байкоо жүргүзүүдө өсүмдүктөрдүн карантиндик инспекторлорунун ишин жөнгө салуу бөлүгүндө ЕАЭБдеги карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн тартиби жөнүндө жобого өзгөртүү киргизди. Өзгөртүүлөрдүн максаты, Биримдиктин аймагындагы карантиндик фитосанитардык коопсуздукту жана бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын аткарылышын камсыз кылуу.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button