Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“ДыйканДос” региондор менен таанышууда – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“ДыйканДос” региондор менен таанышууда

Айыл чарбасын санариптештирүүнүн алкагында, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Айыл маалымат маркетинг борбору менен биргеликте Enactus KRSU командасы “Дыйкан Дос” телеграмм – ботун түздү, ал ар бир дыйкан үчүн жеке онлайн жардамчысы болуп саналат.


Ушул долбоордун алкагында, аны жайылтуу жана дыйкандарга телеграм ботун колдонууну жана алардын ишине пайдалуу ыкмаларын үйрөтүү боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыккан.
Ал эми бугүн, 1-июньда Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында Enactus KRSU командасы жергиликтүү фермерлерге жанан айыл чарбалардын өкүлдөрүнө тренинг өткөрүштү.


“Дыйкан Дос” телеграмма боту эмне кыла алат жана дыйкандар үчүн кандай пайдалуу?
– Дыйкандарга адистерден өсүмдүктөрдүү өстүрүү боюнча кеңештерди бере алат.
– Окуу материалдарына: маалымдамаларга, видеофильмдерге, айыл чарба боюнча адабияттарды колдоонуга мүмкүнчүлүк берет.
– БОТ документтин шаблондорун, каталогдорун жана регистрлерин камсыз кылат
Ошондой эле, окуу материалдары жана продукцияны ташып келүү жана экспорттоо боюнча документтер, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук уюмдары жөнүндө маалыматтар телеграмм-ботто бар.


“Дыйкан Дос” телеграм боту аркылуу ар бир дыйкан көйгөйлөрүн жана арыздарын түздөн-түз министрликке жеткире алат
Тренингдерди өлкөбүздүн бардык 40 аймагында өткөрүү пландаштырылууда, биз Ош, Баткен жана Жалал-Абаддын түштүк аймактарынан баштадык, жайдын аягына чейин республиканын бардык аймактарын камтууну пландап жатабыз.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button