Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
«Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору иштелип чыкты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

«Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси каралып, «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Аталган мыйзам долбоору Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыкты.

2021-жылдын 2-апрелинде мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.

Мыйзам долбоору төмөнкүлөрдү камтыйт:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү жана төмөнкүлөрдүн ыйгарылышы:

— өзгөчө функционалдык-административдик уюштуруу, бөлүштүрүү ыйгарым укугу жана өзгөчө статус;

— мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз-ара аракеттешүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.

  • Төмөнкүлөрдү эске алуу менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү:

— өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана контроль жүргүзүүчү координациялык кеңеш түзүү;

— жеңилдетилген каржылоо механизми;

— облусту өнүктүрүүнүн бюджетин уюштуруунун өзгөчө тартиби;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган өзгөчө салык режимин жана өзгөчө инвестициялык режимин киргизүү;

— товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруунун өзгөчө режими;

— Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим;

— 2022-жылдан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын жана маданият обьектилеринин имараттарын кармап турууга коммуналдык тейлөө жана чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button