Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба тармагында жыл башынан бери 40 тамак-аш жана кайра иштетүү ишканасы ишке киргизилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарба тармагында жыл башынан бери 40 тамак-аш жана кайра иштетүү ишканасы ишке киргизилди

Облустар боюнча:

  • Баткен облусу боюнча 2020-жылдын 8 айында-  3 ишкана пайдалаууга берилди, 42 жумуш орундары менен камсыздалды;
  • Жалал-Абад облусу боюнча 2020-жылдын 7 айында- 10 кайра иштетүүчү ишканалар түзүлүп, 143 жумуш орундары менен камсыздалды;
  • Ош облусу боюнча 2020-жылдын 8 айында- 5 ишкана пайдалаууга берилди, 85 жумуш орундары менен камсыздалды;
  • Талас облусу боюнча 2020-жылдын 8айында- 3 ишкана пайдалаууга берилди, 100 жумуш орундары менен камсыздалды;
  • Ысык-Көл облусу боюнча 2020-жылдын 8 айында –7 ишкана ишке берилди, 135 жумуш орундары менен камсыз болду;
  • Нарын облусу боюнча 2020-жылдын 8 айында-  5 ишкана ишке берилди, 93 жумуш орундары менен камсыз болду;
  • Чүй облусу боюнча 2020-жылдын 8 айында- 6 ишкана ишке берилди, 550 жумуш орундары менен камсыз болду;
  • Ош шаары боюнча 2020-жылдын 8 айында- 1 ишкана ишке берилди, 60 жумуш орундары менен камсыз болду.

        Кайра иштетүү өнөр жайынын жаңы ишканаларын түзүү жана иштеп жаткандарын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишканаларды региондук адистештирүүнү эске алуу менен жүргүзүлөт.

  Бул чөйрөдөгү негизги багыттар болуп, заманбап технологиялардын негизинде айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнү терең комплекстүү энергияны-ресурстарды үнөмдөө менен тереңдетип иштетүүнү камсыздоочу жаңы технологияларды жана жабдууларды киргизүү болуп саналат.

 Программанын негизги максаты – азык-түлүк жана сырьелук ресурстардын ички булактарын туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү менен тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүү аркылуу өлкөнүн калкын сапаттуу жана коопсуз тамак-аш азыктары менен кепилдүү жана туруктуу камсыздоо болуп саналат.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button