Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба тармагындагы парник газдарын эсепке алуу үчүн компьютердик жабдуулар тапшырылды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба тармагындагы парник газдарын эсепке алуу үчүн компьютердик жабдуулар тапшырылды

2021-жылдын 3-августта Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун баасары Азамат Мукашев GIZдин Кыргызстандагы долбоорлорунун жана программаларынын кластердик координатору Торстен Брецин менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Торстен Брецин “Парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу жана жерди пайдалануу секторунда климаттык тобокелдиктерди азайтуу саясаттын сунуштамаларын иштеп чыгуу” долбоорунун алкагында, айыл чарба тармагындагы парник газдарын эсепке алуу, текшерүү жана мониторингдөө үчүн жалпы суммасы 5 миң еврону түзгөн компьютердик жабдууларды тапшырды.

Азамат Мукашев министрликтин техникалык потенциалын чыңдоого кошкон салымы үчүн GIZдин Кыргызстандагы долбоорлорунун жана программаларынын кластердик координатору Торстен Брецинге ыраазычылык билдирди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button