Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Санарип маалымат системалары тууралуу Сокулук районунун жайыт адистерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Санарип маалымат системалары тууралуу Сокулук районунун жайыт адистерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү

Айыл чарбасын санариптештирүү алкагында Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинде бир нече маалымат системалары  иштелип чыккан. Иштелип чыккан системалар боюнча фермерлерге маалымат жеткирүү максатында  Геомаалыматтык тутум бөлүмүнүн адистери кезектеги түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн бүгүн Сокулук районунун жайыт адистерине окутуу тренинг өткөрүштү. Тренингдин алкагында төмөнкү маалымат системалары боюнча кеңири түшүндүрмө берилип, практикалык иштер менен коштолду.

  • Айыл чарбасындагы жайыт комитеттердеги тиешелүү бардык маалыматтарды бирдиктүү базага киргизүү, жыйынттык отчетторду бирдиктүү системадан алуу максатында  Айыл чарбанын Республикалык автоматташтырылган маалымат системасы (РСИС) иштелип чыгып,  https://sropasture.kg/rsis/index.php  ссылкасы менен иштеп жатат.
  • Жайыт пайдалануучуларга климаттын өзгөрүшү, учурдагы аба ырайы, жайыттар чек аралары  маалыматтарын киргизүү боюнча Эрте кабарлоо системасы (ЭКС/СРО) sropasture.kg дарегинде иштеп,  бул система аркылуу жайыт пайдалануучулар 10 күнгө аба ырайы тууралуу маалыматты, жайыт участкаларынын инфраструктураларын визуализациясы менен ыкчам билдирүүлөр боюнча маалым болуп турат.        
  • sropasture.kg эрте кабарлоо системасын техникалык толуктоо максатында MeteоKG мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, App Store,  Play Market  платформаларында жайгаштырылып, фермерлер, кызыккан бардык колдонуучулар үчүн мобилдик телефондорго тиркемени орнотуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. MeteоKG тиркемесин орнотуу менен толуу жана климаты катаал аймактарда мал жайган жана мал баккан фермелерге, жайыт пайдалануучуларга метеорологиялык жана  гидрологиялык  тобокелдиктер тууралуу актуалдуу, так маалыматты, картада белгиленген  ар бир жайыт участкалары боюнча 10 күнгө аба ырайынын өзгөрүшү боюнча ыкчам мааламаттарды көрө алышат.
Show More
Back to top button