Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Тюттар менен камсыз кылуу жөнүндө антикризистик чаралар сунушталды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Тюттар менен камсыз кылуу жөнүндө антикризистик чаралар сунушталды

Быйыл жаратылыштын катаал шарттарына, климаттык өзгөрүүлөргө, кургакчылыкка байланыштуу тоют 30 пайызга аз жыйналган. Буга байланыштуу министрлик тарабынан август айында тоюттун бардык түрлөрүн сыртка сатууга чектөө киргизилген. Ал эми Кыргызстанга импорттолуп келе турган тоюттун бардык түрлөрү салык жана башка алымдарынан бошотулган. 2022-жылдын аягына карата республиканын аймактарында малга жана үй канаттууларына санак жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча малдын саны жылдан жылга өсүүдө. Бирок учурда асыл тукум малдын асылдуулук жана продуктуулук сапаттары өтө төмөн. Асыл тукум малдын үлүшү жалпы малга салыштырмалуу 0,6 % түзөт. Ошол себептен асылдуугу төмөн малдын башын азайтуу б.а. товардык малды экспортоо, сандан сапатка өтүү сунушталууда. Тоюттардын орточо баасы былтыркы жыл менен салыштырмалу 20-25 пайызга кымбатаган. Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмасына ылайык, мал үчүн тоюттардын жетиштүүлүгүн талдоо жана тоюттар менен камсыз кылуу жөнүндө төмөнкү антикризистик чаралар сунушталды: 1. Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы №443 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтом долбоору кабыл алынды; 2. Жылдан жылга азыктуулугу төмөн малдын башы көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жайыттарга күч келип, деградацияга учуроодо. Ошол себептен азыктуулгу төмөн малдарды экспортко чыгаруу менен ордун асыл тукум мал менен толуктоо; 3. Министрлер Кабинетинин “Жалпы тоюттарга болгон бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча бажы жана салык алымдарынан бошотуу жөнүндө” токтом долбоорун иштеп чыгуу; 4. Тоют бирдиктеринин жетишсиздигин эске алып, фермерлердин жайыттарды максималдуу пайдалануусун сунуштоо; 5. Быйылкы жылы айдалган 53,6 миң га буурчак өсүмдүктөрүнүн, 13,1 мин га кант кызылчанын тоютка жарактууларын 346 миң га көп жылдык чөптү, 113,3 миң га жүгөрү өсүмдүгүн резерв катары пайдалануу; 6. Малга туура жана жетиштүү тоют даярдоо тууралуу фермерлер менен тыгыз иш алып баруу жана антикризистик рациондорду сунуштоо; Мындан тышкары, министрлик тоют жыйноо иштери бүтө электигин жана болжолдонгон тоюттун көлөмү башка тоют өсүмдүктөрү менен толуктала тургандыгы жана жайыттарды жана бардык тоют резервдерин эффективдүү колдонууда 2023-2024-жылдардагы кыштоо мезгили мал чарба тармагында ийгиликтүү өтөрүн билдирет.

2023-жылдын сентябрь айына карата ыкчам маалыматтардын жыйынтыгы боюнча жалпы 3024419,0 тонна тоют даярдалды. Анын ичинен, кесек тоют (чөп) 2488533 тонна, саман 624351,7 тонна, силос (сенаж) 87913 тонна.

Show More
Back to top button