Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токой жайгаштыруу кеңешмеси өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Токой жайгаштыруу кеңешмеси өттү

Токой – жер бетинин өсүмдүктөр каптоосунун негизги түрлөрүнүн бири, ал бак-дарактардан, бадал, чөп-чардан жана башка өсүмдүктөрдөн түзүлүп, өзүнүн өнүгүшүндө биологиялык жактан байланышкан, бири бирине жана тышкы чөйрөгө таасир эткен жаныбарлардын жана микроорганизмдердин жыйындысынан турат. Токой кыртышы – токой жыйындысынын ажырагыс бөлүгү. Токой – биосферанын курамдык жана эң маанилүү бөлүгү, географиялык ландшафттын элементи. Ага дарыялардын гидрологиялык абалын сактап турууда, топурактын эрозиясынын жана дефляциясынын алдын алууда, ысык шамалдар менен күрөшүүдө зор роль таандык.

Токой жайгаштыруу – токойду коргоого, сактоого, жаңыртып өстүрүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга, токой чарбачылыгын жүргүзүүнүн маданиятын жогорулатууга багытталган чаралардын тутумун иштеп чыгууну камсыз кылган токой чарбалык ишинин адистештирилген түрү жана токой чарбачылыгында жана токой пайдаланууда илимий-техникалык саясатты ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын тутуму.

Кыргыз Республикасынын токой жайгаштыруу жүргүзбөй туруп, токой чарбачылыгын жана токойду пайдаланууну жүргүзүүгө тыюу салынат.

Токой жайгаштыруу тарабынан эсептелинген токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын суммасы бүгүнкү күндө республикалык бюджетти толтурууга салым кошуп келүүдө.

2023-жылдын 28-августтунда, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары  Бакыт Төрөбаев катышуусунда, Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматында Чүй токой аңчылык чарбасынын жеринде жайгашкан балык чарбасын уюштуруу максатында токой пайдаланууга берилген жер аянттары боюнча токой жайгаштыруунун талаа иштеринин жыйынтыгы боюнча токой ресурстарынын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн, токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын эсебинин жыйынтыгын, долбоорлонуучу токой чарбалык жана токойду калыбына келтирүү иш-чараларынын ведомостторун, 1:25000 масштабдагы картографиялык материалдарды камтыган токой жайгаштыруу долбоорлорунун экинчи токой жайгаштыруу кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө Токой кызматынын Токой аңчылык жайгаштыруу башкармалыгынын башчысы Н.У. Чодоев, Чүй токой аңчылык чарбасындагы балык чарбалары уюштурулган жер аянттары боюнча токой жайгаштыруу жумуштарынын жүрүшү боюнча кыскача маалымат берип, токой пайдалануучулар З. Мергиязовдун жана Н. Абдразаковдун ижара жер тилкелеринде жүргүзүлгөн токой жайгаштыруу иштери жөнүндө кеӊири баяндама жасады. Ижара аянттарынын  жер жана токой ресурстарынын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү, токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын эсебинин жыйынтыгы, долбоорлонуучу токой чарбалык жана токойду калыбына келтирүү иш-чаралары, картографиялык материалдары боюнча маалымат айтылды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, жер жана токой ресурстарынын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү, токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын эсебинин жыйынтыгы, долбоорлонуучу токой чарбалык жана токойду калыбына келтирүү иш-чаралары боюнча токой жайгаштыруунун камералдык иштеринин толук жыйынтыктарынын негизинде жана ижара жер аянттарындагы бөтөн пайдалануучуларды (электр чубалгылары, дренаждык тутум, жолдор ж.б.у.с.) эске алуу менен 2023-жылдын 12-сентябрында акыркы токой жайгаштыруу кеңешмесин өткөрүү чечими кабыл алынды.

Show More
Back to top button