Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
23-август: Чүй облусундагы сугат суунун көлөмү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

23-август: Чүй облусундагы сугат суунун көлөмү

Жалпысынан Чу дарыясынын бассейниндеги дарыялардын иш жүзүндөгү суулардын агымын талдоо (Чу-Кочкор, Чоң-Кемин, Кегети, Аламүдүн, Ала-Арча, Сокулук, Ак-Суу, Кара-Балта дарыяларында) үстүбүздөгү жылдын апрель-июнь мезгилинде саналып өткөн дарыялардын суусу нормадан 78%ды түзгөнүн көрсөттү. Суунун эң төмөнкү деңгээли май айында нормадан 66% белгиленген, өзгөчө Чоң-Кемин дарыясында 55%, Аламедин 56%.

Апрель-май-июнь айларында өткөн жылдарга салыштырмалуу жаан-чачындын аз болушу байкалган.

Тоо булактарында суунун жетишсиздигине байланыштуу жана суу пайдалануучуларды сугат суусу менен максималдуу канааттандыруу максатында 2023-жылдын 5-майынан тартып Орто-Токой суу сактагычынан сууну кое берүү башталган, чыгымы 70 м3/сек жана андан кийин 110 м3/11-майга чейин көбөйгөн. Адатта, суунун максималдуу кое берүүлөрү июнь айынын башында эле белгиленген, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи декадасынан баштап белгиленет.

Орто-Токой суу сактагычындагы суунун интенсивдүү иштетилишине төмөнкү факторлор таасир этти:

  • Тоо булактарындагы суунун агымынын төмөн көрсөткүчтөрү;
  • Жаан-чачындын аздыгы;
  • Техникалык өсүмдүктөрдүн аянтын көбөйтүү;
  • Которуштуруп айдоонун жоктугу;
  • Кайрак жерлерди сугаруу 45,0 миң га (бирок бул аянттар сугат суу менен камсыз кылууга эсептелген эмес).

Буга байланыштуу суу сактагычтын көлөмү 26-июлда 8.7 млн.м3 чейин иштетилди. Андан ары суу агымы түз келип түшкөнүнө жараша иштеп жатат. Учурда агын суулар 20.0 дан 25.0 м3/сек чейин түзөт.

Мындай кырдаал 2008, 2014, 2021-жылдары байкалган, ушундай эле чаралар көрсөтүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын вегетация мезгили аяктагандан кийин Чу дарыясынын болгон суу ресурстары 2024-жылдын вегетация мезгили башталганга чейин (күз-кыш жана жаз мезгилдеринде) Орто-Токой суу сактагычын топтоого багытталат. Суу сактагычтын көлөмү 2023-жылдын 23-августуна карата 12,6 млн.м3 түзөт, суунун келип түшүүсү – 29,8 м3/сек, суунун иштетүүсү – 29,0 м3/сек.

Сугат мезгилинин башталышынан бүгүнкү күнгө чейин суу чарба башкармалыгы сугат булактарындагы суу ресурстарынын болушуна жараша Чүй облусунун райондору боюнча мүмкүн болушунча суу берүүнү ишке ашырууда.

23.08.2023-жылга карата Чу дарыясы боюнча Казакстан Республикасына – 129,268 млн. м3 берилген, график боюнча 132,044 млн. м

Show More
Back to top button