Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынган продукцияны экспорттоо – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарӨсүмдүктөрдүн карантини департаментиХимиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо Департаментинин

Карантинге алынган продукцияны экспорттоо

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери 01.01.-13.01.2023 ж. карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоого арналган 11 миң 227 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардын үлгүлөрү алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Ушул жумада, Кыргыз Республикасынын экспортунун негизги көлөмү Чүй областынын карантинге алынган продукталарына туура келип 5 миң 396 тоннаны түздү. Анын ичинен: жашылчалар 1954 тонна ошондой эле жаңгактар 1103 тонна, кургатылган жемиштер 626 тонна Казакстан, Россия өлкөлөрүнө экспорттолду.

Андан соң карантинге алынган продуктылардын экспорттук көлөмү боюнча Баткен областына туура келип 2 миң 829 тоннаны түзүп, анын ичинен: картошка 1533 тонна, жүгөрү 749 тонна, пияз 547 тонна Өзбекистан өлкөсүнө экспорттолду. Талас областынан 1841 тонна карантинге алынган продуктылар экспорттолуп, анын ичинен: дан, буурчак өсүмдүктөрү 1515 тонна Россия, Сербия, Македония, Россия, Болгария, Иран, Казахстан, Грузия өлкөлөрүнө экспорттолду, ошондой эле картошка, алма Казакстан өлкөсүнө экспорттолду.

Show More
Back to top button