Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Республиканын жазгы жана күзгү себүүсүнө айыл чарба үрөндөрү менен камсыздалышы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Республиканын жазгы жана күзгү себүүсүнө айыл чарба үрөндөрү менен камсыздалышы

2023-жылдын жаздык айдап себүүсүнө карата республика боюнча жалпы 66,8 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелсе, үрөнчүлүк чарбалар жана чарба субъекттери тарабынан 66,1 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолгон камсыздалганы 98,9 % түздү. Анын ичинен жаздык буудай үрөнүнүн керектөөсү 23,8 миң тоннаны түзсө, топтолгону 23,6 миң тонна же 99,5% түзгөн. Жаздык арпа үрөнүн керектөөсү 42,8 миң тонна болсо, топтолгону 42,2 миң тонна же 98,5% түздү. Мындан тышкары, сулу, күн карама, тамеки жана буурчак өсүмдүктөрүнүн үрөнүнө болгон камсыздоо – 100% түзгөн, ал эми, эспарцет – 79,7%, беде – 74,8%, пахта – 84,3%, картөшкө – 99,2%, жүгөрү – 93,4%, сафлор – 97,8%, кант кызылчасы – 74,3% жеткен.

Департаменттин жана райондор аралык экспертиза борборлорунун адистери тарабынан 1-майга карата алынган маалыматы боюнча 46,0 миң тонна жаздык дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү, анын ичинде 17,4 миң тонна жаздык буудай жана 28,5 миң тонна жаздык арпа текшерилди. Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн текшерилген үрөндөрүнүн ичинен 45,3 миң тонна себүү кондициясына туура келген, анын ичинде жаздык буудай 17,2 миң тонна, жаздык арпа –28 миң тонна ошондой эле сулунун – 113 тонна үрөнү текшерилип, ал 100% кондицияга жеткирилди.

Күздүк себүүгө республика боюнча жалпы 34,6 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелсе, үрөнчүлүк чарбалар жана чарбалык субъекттери тарабынан 32,6 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолгон, камсыздалганы 94,3 % түздү.

Show More
Back to top button