Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токой кызматы ведомстволук порталын иштеп чыкты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Токой кызматы ведомстволук порталын иштеп чыкты

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу токой кызматы ведомстволук порталын иштеп чыкты.

Порталдын өзгөчөлүгү катары порталга кирүүчүлөр жана колдонуучулар мамлекеттик кызматтарды бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу ала алышат: өзүңүздүн жеке индетификациялык номурунузду (ПИН) киргизип, жарандардын кайрылуусу бөлүмүн колдонууга мүмкүнчүлүгүңүз бар жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча, пландан тышкаркы токой жайгаштыруу иштерин аткаруу жана мамлекеттик токой фондунун жаратылышты коргоо, рекреациялык, илимий, эстетикалык, тарыхый-маданий жана агартуучулук мааниси бар объекттерине баруу кызматын ала аласыздар.

Колдонуучулар үчүн актуалдуу жаңылыктар, кадрлар резервине киргизүү боюнча өткөрүлүүчү конкурстарга жарыялар жеткиликтүү.

https://forest.gov.kg/ru/maps шилтеме аркылуу интерактивдүү карта жеткилүү, бул картанын өзгөчөлүгү бардык Токой кызматынын алдындагы токой чарбаларынын дареги, жайгашкан жери, тарыхы жана ушул сыяктуу кызыктуу маалыматтары камтылган. Колдонуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн карта шарттуу белгилер менен аймактарга, райондорго бөлүнөт.

Ошондой эле сайтта токойлорду башкаруунун маалыматтык системасына жана Жашыл Мурас порталына ыңгайлуу өтүү бар.

Show More
Back to top button