Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Антибиотиктер жугуштуу оорулардан айыктыра албаганынын эки негизги себеби бар – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Антибиотиктер жугуштуу оорулардан айыктыра албаганынын эки негизги себеби бар

Антибиотиктер жугуштуу оорулардан айыктыра албаганынын эки негизги себеби бар:

Туура эмес дарылоо же туура эмес колдонуу. Ооруну пайда кылган микробдорду дарылоо процессинде микробко каршы даарыларга туруктуулуктун пайда болушу.

Биз антибиотиктер сыяктуу микробго каршы дарыларды адамдардын жана малдын жугуштуу ооруларын дарылоо үчүн колдонгон сайын, ал микробдор дарыларга чыдоону үйрөтүп, убакыт өтүшү менен алардын таасирин басаӊдатышат. Антимикробдук даарыларды натыйжалуу колдонбосок малдар жугуштуу оорулардан өлүп калуу коркунучу жаралат, жогорууда айтылган нерселерди болтурбоо үчүн Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борборунун кызматкерлери төмөнкү кеӊештерди колдонууга чакырат.

– Чарбада колдонулучу шаймандарды жана малкананы дезинфекциялаӊыз.

– Малды эмдөөдөн өткөрүӊүз, дарылоого караганда алдын алуу оӊой ошондуктан өзүӊүздүн жашаган жердеги ветеринардык адистен кеӊеш алыӊыз.

– Тоютту кургак жана коопсуз сактап, кемирүүчүлөр, канаттуулар, курт-кумускалар жана жаныбарлар сыяктуу микроб ташуучулардан коргоӊуз.

– Жакшы тоюттар жана таза суу менен камсыз кылуу аркылуу малдын оорууга каршылык көрсөтүшүнө жана дени сак турушуна жардам бериӊиз.

– Сатып алынган малды киргизүүнүн алдында малкананы тазалап дизигфекциялаӊыз жана ошол малды карантинге коюӊуз.

– Диагнозду туура кою жана натыйжалуу дарылоо үчүн ветеринарга кайрылыӊыз.

Show More
Back to top button