Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Мейкиндикти өнүктүрүү. Жаңы санариптик реалдуулук” эл аралык форуму өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“Мейкиндикти өнүктүрүү. Жаңы санариптик реалдуулук” эл аралык форуму өттү

30-ноябрда жана 1-декабрда Бишкек шаарында “Мейкиндикти өнүктүрүү. Жаңы санариптик реалдуулук” эл аралык форуму өттү.

Форумга Түркия, Словения, Германия, Япония, Корея, Россия, Белоруссия, Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдөн 170тен ашуун адис катышты. Бишкек курулуш жана жер-мүлк маселелерин санариптештирүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбаларды талкуулоо үчүн эл аралык аянтча болот.

“Форумдун башкы максаттарынын бири – жер жана мүлк мамилелери чөйрөсүндө санариптик трансформация маселелери боюнча башка өлкөлөр менен байланыштарды бекемдөө жана өз ара мамилелерди түзүү болуп саналат”, – деди Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын директору Асылбек Сатывалдиев.

Форумда кыймылсыз мүлктү массалык баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын пилоттук долбоору сунушталат. Бул долбоор кадастрдык нарктан салык алууга өтүүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүгө багытталган, бул Кыргыз Республикасында адилеттүү салык салуунун жаңы этабы болуп калат. Мүлк салыктарынын наркы мүлктүн рыноктук наркына түздөн-түз көз каранды болот.

“Төмөн бааланган мүлк ээлеринин мүлк салыгы кымбат баалуу мүлккө караганда төмөн болушу керек. Демек, кыймылсыз мүлк канчалык арзан болсо, салык ошончолук аз болот” – деп адилеттүү салык системасын “АБУКО” ассоциациясынын төрагасы Искандер Мельдебеков түшүндүрдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы жана Россия Федерациясынын кадастрдык баалоо боюнча бюджеттик мекемелер ассоциациясы тарабынан уюштурулду.ң

Show More
Back to top button