Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токой чарбасын коргоо иштери – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Токой чарбасын коргоо иштери

2020-жылы Мамлекеттик токой коргоо кызматкерлери тарабынан түзүлгɵн протоколдордун негизинде, 277 токой мыйзам бузуу фактылары катталып, жалпы мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 9 млн. 442 миң 741 сомду түзгөн, мунун ичинен мыйзамсыз кыюулар боюнча 188 фактысы катталып, келтирилген зыяндын өлчөмү 2 млн. 303 миң 761 сом, мыйзамсыз кыйылган бак-дарактардын саны 1931 түп, жалпы көлөмү 300,8 м3. Жалпы мамлекетке келтирилген зыяндын ичинен 6 млн. 902 миң 175 сомдук 215 материал өндүрүлгөн.

2021-жылы Мамлекеттик токой коргоо кызматкерлери тарабынан түзүлгɵн протоколдордун негизинде, 357 токой мыйзам бузуу фактылары катталып, жалпы мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 9 млн. 612 миң сомду түздү, анын ичинен мыйзамсыз кыюулар боюнча 123 фактысы катталып, келтирилген зыяндын өлчөмү 3 млн. 004 миң 060 сом, мыйзамсыз кыйылган бак-дарактардын саны 1949 түп, жалпы көлөмү 421,5 м3. Жалпы мамлекетке келтирилген зыяндын ичинен 5 млн. 451 миң 695 сомдук 201 материал өндүрүлдү.

Токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Мамлекеттик токой фондусунун жерлериндеги тарабынан ийне жалбырактуу көчөтөрдү (балаты) мыйзамсыз кыюу жана бак дарактарды мыйзамсыз кыюудан коргоо максатында 2021-жылдын 6-декабрында № 01-6/61 буйругу чыгарылды.

Show More
Back to top button