Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
КР АЧМ биринчи жарым жылдыгынын отчету – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

КР АЧМ биринчи жарым жылдыгынын отчету

Айыл чарба экономикалык секторунун өнүгүүсүнүнө 2023-жылга республикалык бюджеттен бардыгы болуп 13,5 млрд. сом финансы каражатын бөлүп берүү каралып, 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында иш жүзүндө 5,6 млрд. сом бөлүнүп берилди.

Республикалык бюджеттен берилип жаткан финансалык каражаттар айыл чарба экономика секторунун негизги багыттары болгон үрөнчүлүк тармагын жакшыртууга, мал чарба жана дыйканчылык, ошондой эле айыл чарба азыктарын кайра иштетүү менен алектенген айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жеңилдетилген шартта насыялоого, ирригация объекттерин курууга, оңдоого, тазалоого, мамлекеттик материалдык резервге тамак-аш корун керектүү көлөмүн сатып алууга сарпталды.

2023-жылдын 1-жарым жылдыгында айыл чарба продукцияларынын дүң өндүрүшү 101,7 млрд. сомду түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,0 млрд. сомго көп болду. 

Анын ичинен, мал чарба азыктары 6,9 млрд. сомго, өсүмдүк өстүрүү азыктары 1,8 млрд. сомго көп өндүрүлдү.

Айыл чарба өндүрүшүнүн өсүү темпи 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында 102,5 пайызды түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,5 пайызга көп болду.

Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы 24,7 млрд. сомго өндүрүлүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,8 млрд. сомго көп өндүрүлүп, тамак-аш азыктарынын физикалык көлөмүнүн индекси жыл сайын 105,0 пайыздан жогору болууда.

Республиканын агроөнөр жай тармагында макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүү тенденциясы туруктуу сакталды.

Айыл чарба продукцияларын экспорттоо 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында 13,6 млрд. сомду түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 млрд. сомго аз болду. Себеби 2023-жылдын апрель айында Россия Федерациясынын Ветеринардык жанафитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы тарабынан республиканын сүт жана балык өндүрүү менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттери тыкыр текшерүүгө алынып, алардын чарбалык ишмердигинде айрым кемчиликтер аныкталып, өндүрүлүп жаткан азыктарына чектөөлөр киргизилип, экспортуна тыюу салынган. Учурда кемчиликтер жоюлуп, киргизилген чектөөлөр алынып салынууда.

2023-жылга карата болжолдуу көрсөткүчтөр социалдык маанидеги азыктардын 9 түрү боюнча 2022-жылга салыштырмалуу жогору болоору күтүлүүдө жана республиканын калкын сүт, картошка, жашыл-бахча азыктарынан сырткары эт жана кум-шекер азыгы жетиштүү болуп, ички азык-түлүк рыногунда жагымсыз кырдаалдар жаралбайт деп ишенебиз.

2023-2024-жылдарда республика боюнча керектелүүчү тоют эсеби 6471 миң тоннаны түзсө, кыш мезгилинде кыштатуу өнөктүгүнө 3793 миң тонна тоюттарды даярдоо болжолдонууда 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында 948 миң тонна тоют жыйналды. Ошондуктан, колдо болгон тоюттарды коромжусуз пайдалануу, аларды тышкы рынокторго чыгарууга (экспорттоого) диверсификациялык чараларды жана чектөөлөрдү киргизүү, ошондой эле кышкы жайыттарды үзгүлтүксүз пайдалануу менен мал кыштатуу өнөктүгүн өткөрүүнү сунушталат.

Show More
Back to top button