Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги ишембиликте – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги ишембиликте

2024-жылдын 6-апрелинде шаар аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлери ишембилик өткөрдү.

Ишембиликте бөлүнүп берилген аймактар тазаланып, таштандылар чыгарылды.

Мындан сырткары министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана кызматкерлери, аймактардагы башкармалыктардын адистердин катышуусунда ишембилик өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдары таштандыларды туура пайдаланууда эффективдүү инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер Планы жөнүндө” 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгынын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 11-марттан 11-майга чейин ар жуманын ишемби күнү ишембилик жарыяланган.

Show More
Back to top button