Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти административдик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти административдик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторуна кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.

Административдик мамлекеттик кызматтарга жалпы квалификациялык талаптар:

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:

Билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

7) Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;

8) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;

9) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама 3-март, 2020-жыл, №120;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

Билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама, 3-март 2020 жыл        № 120;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:

Билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама, 3-март 2020 жыл      № 120;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерин билүү.

Билгичтиги:

– Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишмердүүлүктүн артыкчылыктарын аныктоо, иш-чаралардын пландарын түзүү;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– – жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар аралык баарлашуунун заманбап ыкмаларын колдонуу;

– тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;

– маалыматты жыйноо, талдоо,системалаштыруу жана жалпылоо;

– электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;

– презентацияларды уюштуруу;

– маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;

– кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;

– кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.

1)  Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар:

 Мал чарба

1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билим: зоотехникалык, ветеринардык.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүү:

– “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө” Мыйзамы;

– “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынуучу азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-июну 2013-жыл, № 91;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому 22-июнь 2015-жыл № 516;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

2)  Регионалдыкдык административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:

Мал чарба жана жайыт

1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билими: агроном,геодезия, экономикалык, зоотехникалык, ветеринардык.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүү:

Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;

– “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому,19-июнь 2009-жыл

№ 386;

– Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому,13-сентябрь 2013-жыл № 515;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

3) Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:

Жайыттар

1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билим: жерге жайгаштыруу,агрономия, картография.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүү:

– Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;

– Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому,13-сентябрь 2013-жыл № 515;

– “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, 19-июнь 2009-жыл № 386;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

4) Регионалдык административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:

Мал чарба жана жайыттар

1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билими: зоотехникалык, экономикалык, жерге жайгаштыруу.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүү:

Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;

– “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын;

– “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын;

– “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, 19-июнь 2009-жыл № 386;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди  билүү.

5) Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:

Мал чарба

1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билим: зоотехникалык, ветеринардык, биотехнологиялык.

 2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүү:

– “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынуучу азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-июну 2013-жыл, № 91;

– Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 516  “Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому;

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү .

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди (скорошивательде) тапшыруу керек:

– форма боюнча жеке арыз;

– автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– форма боюнча резюмеси(сүрөтү менен);

– нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Конкурска катышкан адамдар кошумча сунуштама каттарды берсе болот.

Документтерди тапшыруу мөөнөтү 2023-жылдын 6-октбрынан 2023-жылдын 20октябрына чейин.

Сынакка катышуу үчүн документтер Чүй проспекти 315, 907 кабинет дареги боюнча кабыл алынат.  (Укук,персоналдарды башкаруу жана маалыматтык технологиялар сектору), телефон аркылуу маалыматтар: 65 52 44

Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

Show More
Back to top button