Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Үч жуманын ичинде 41 даана техника лизингге берилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Үч жуманын ичинде 41 даана техника лизингге берилди

2024-жылдын 8-январынан 30-январына чейин 593 миллион сомго 41 даана техника дыйкандарга лизинг жолу аркылуу берилди.

Бүгүнкү күндө “Айыл Банк” ачык акционердик коому аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндар, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлор жана башка айыл чарба шаймандары жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9 % менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингге берүүдө.

Эске салсак, дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунун негизинде «Айыл Банк» ачык акционердик коому аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп, жалпы 13,7 млрд. сомго 6617 даана техника берилген.

Show More
Back to top button