Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Күздүк талаа иштеринин жыйынтыгы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Күздүк талаа иштеринин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн берген ыкчам маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө республика боюнча 77,0 миң га жерге күздүк себүү үчүн айдалды. Республика боюнча 27,8 миң га жер аянтка күздүк себилди, же программа 12,0 пайызга аткарылды. Өткөн жылы ушул эле учурда 12,3 миң га себилген.

Ошондой эле 26,2 миң га жерге күздүк буудай себилип, программага карата 11,9 пайызга, же өткөн жылга салыштырганда 15,4 миң га жогору, ал эми күздүк арпа программага карата 1,6 миң га, же 13,3 пайызга, же өткөн жылга караганда 0,3 миң га көп.

Ушул жылдын 9-октябрына карата республикабыздын региондорунда 37,2 миң тонна үрөн топтолду, ал керектөөнүн 76,0 пайызын түзөт, анын ичинен күздүк буудай үрөнү 34,9 мин тонна топтолуп 78,7 пайызды, арпа үрөнү 1,9 мин тоннага даярдалып, 98,1 пайызды түздү.

Жетпеген үрөн материалдары дотация системасынын эсебинен республикалык үрөн фондусу жана облус ичиндеги даярдалган үрөндүк материалдар менен камсыздалат.

Күйүүчү-майлоочу материалдар менен 70 пайызга камсыздалып, күн ара өсүүдө. Ошондуктан, күйүүчү майлоочу майлардын жоктугу менен байланышкан көйгөйлөр жок. Учурда күздүк себүүгө айыл чарба техникаларынын даярдыгы жогору 84-94 пайызга чейин, анын ичинен тракторлор 90 пайызга, жер айдоочу шаймандар – 85 пайызга, сепкичтер – 84 пайызга жана малалар- 92 пайызга даяр.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button