Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министрдин орун басары жана кластердик бирикменин жетекчиси Ысык-Ата районундагы “акылдуу күнөсканага” барышты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрдин орун басары жана кластердик бирикменин жетекчиси Ысык-Ата районундагы “акылдуу күнөсканага” барышты

Айыл чарба министринин орун басары А.Мукашев жана жашылчалар боюнча кластердик бирикменин жетекчиси М. Белошаров кластердик бирикменин жаңы катышуучусуна – “In Water Solutions Agro “ЖЧКсынын жашылча жана кулпунай чыгаруучу компаниясына барып келишти. Түштүк Кореянын өкүлдөрү менен биргеликте жаңы технологияларын колдонуп, “акылдуу күнөскана” 5.3 га аянт жерге курулган.4 га бадыраң, кулпунай-0.4 га, помидор-0.4 га, көчөттөр-0.3 га, жана аквапоника -0.2 га.

Ошондой эле ачык жерге 14 гектар жерге картошка, 17 га жүгөрү жана 15 га арпа сыноого себилген. Министрдин орун басары күнөскана продукциясын өстүрүү шарттарына, анын ичинде тамчылатып сугаруу, суюк жер семирткичтер жана гидропоникага өзгөчө көңүл бурду. Кластердик бирикменин жетекчиси, өз кезегинде, катышуучулар үчүн критерийлердин бири- компаниянын фермерлер менен тыгыз кызматташтыгы, тажрыйба алмашуу жана жаңы технологияларга окутуу жүргүзгөндүгүн белгиледи.

Азыркы учурда бул жерде 80ден ашык адам эмгектенет, кадрлардын жетишпестиги агрардык университеттер менен сүйлөшүлүп жатат. Ал эми түшүм жөнүндө айта турган болсок, помидор кызыл, сары, ал тургай, кара түстө дагы өстүрүлөт, аябай даамдуу жана ширелүү. Уруктар Түштүк Кореядан алынып келинген.

Show More
Back to top button