Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Топурактын агрохимиялык анализдеринин баасы жана даректери – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Топурактын агрохимиялык анализдеринин баасы жана даректери

Дыйкандар жана жер пайдалануучулар, жердин түшүмдүүлүгүн сактоо жана жерди рационалдуу пайдалануу, агрохимиялык анализдин негизинде жер семирткичтерди туура колдонуу менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмүн алуу максатында, төмөндөгү топурак анализдерин жүргүзүүсү зарыл.

  • Гумус – 147 сом;
  • Жалпы азот – 206 сом;
  • Кыймылдуу фосфор Р2О5 – 168 сом;
  • Кыймылдуу калий К2О – 168 сом;
  • Топурактын чөйрөсү рН – 35 сом;
  • Анализдердин жыйынтыгы– 294 сом.

Жер аянты туздуулукка жана шордуулукка чалдыкса, кошумча анализдердин баасы:

  • Топурактагы суу тунмасын аныктоо (туздуулукка)   – 409 сом;
  • Сиңирилген натрийди аныктоо (шордуулукка) – 126 сом;
  • Сиңирүү сыйымдуулугун аныктоо (шордуулукка)  – 308 сом.

Ал эми станциянын адистери дыйкан-чарбалардын чакыруусу менен бара турган болсо, 1,0 гектар жер аянтын изилдөө жана топурак үлгүлөрүн алуу 1 905 сомду түзөт.

Келечектеги мол түшүмдү алуу үчүн, илимий изилдөөлөрдүн негизинде күз же жаз мезгилинде жерди айдоого чейин негизги 60-70% жер семирткичтердин өлчөмүн чачып, жерди айдоо зарыл. Калган 30-40% жер семирткичтердин өлчөмүн вегетация убагында кошумча  азыктандыруу керек.

Топурак лабораториялары жайгашкан даректери:

  • Республикалык топурак агрохимиялык станциясы филиалы

Бишкек ш., Тимур Фрунзе көчөсү, 100б.

Тел: 0 312 41 72 07, 41 62 43

E-mail: r.p.a.s@mail.ru

  • Түштүк регионалдык топурак агрохимиялык станциясы

Ош областы, Кара-Суу району, Кашкар-Кыштак айылы, Ош көч., 7

Тел: 0 773 44 19 82

E-mail: u.r.p.a.s@ mail.ru

  • Талас топурак агрохимиялык лабораториясы

Талас ш., Чынгыз Айтматов көч., 248а

0778 878 411

0550 991 923

0704 000 170

  • Жалал-Абад топурак агрохимиялык лабораториясы

Жалал-Абад ш., Кошевая көч., 10

0771 656 507

0778 284 220

  • Ысык-Көл топурак кабыл алуу борбору

Түп айылы Манас көч., 124

0709 885 560

  • Нарын топурак кабыл алуу борбору

Нарын шаары Мусурманкулов көч., 12б

0703 918 893

Show More
Back to top button