Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Чүй токой чарбасында аянты 219,4 м2 түзгөн жаңы административдик имараттын курулушу уланууда – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Чүй токой чарбасында аянты 219,4 м2 түзгөн жаңы административдик имараттын курулушу уланууда

Чүй токой чарбасында аянты 219,4 м2 түзгөн жаңы административдик имараттын курулушу уланууда. Бүгүнкү күндө курулуштун даярдыгы 70%га жетти. Фундаменттин курулушу, кирпич дубалдары, ички тосмолор, чатыры толугу менен бүткөрүлүп, жасалгалоо иштери уланууда. Объектти ишке киргизүү ушул жылдын май айына пландалууда.

Жаңы имарат 1937-жылы курулган мурунку имараттын ордуна тургузулуп жатат. Мурдагы имарат авариялык абалга келип, коопсуздук талаптарына жооп бербей калган.

Эске салсак, курулуш Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган «КРда токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарба агенттиги тарабынан жүргүзүлүүдө.

Show More
Back to top button