Министрдин орун басарлары

Бахавадинов Эрмек Ибрагимович

Биография

Туулган күнү: 6-январь 1978-жыл

Туулган жери: Арка-2 айылы Лейлек району Баткен облусу

Улуту: кыргыз

Билими: жогорку

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1 класстагы кеңешчиси;

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси;

Билими

1999-жылы Кыргыз Агрардык Академиясын аяктаган. Квалификациялык академиялык даражасы “Менеджмент багыты боюнча бакалавр”;

2001-жылы “Агрардык өндүрүштүн экономикасы жана башкаруу” адистиги боюнча Кыргыз Агрардык Академиясын аяктаган. Квалификациясы “Дипломдуу адис (Экономист)”;

2015-жыл Рицумейкан Азия-Тынч океан университети (Япония)  «Эл аралык кызматташтык саясаты» багытында, магистр;

2020-жылы «Синергия» Москва финансы-өнөр жайы университети, «Юриспруденция» багыты боюнча бакалавр;

Иш тажрыйбасы:

–29.06.2020 – азыкы күнгө чейин – Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы  жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы

-11.09.2019 – 29.06.2020 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

03.11.2015-11.09.2019 – Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын  жетечиси;

-16.07.2013  -03.11.2015 – Ритсумейкан Азия-Тынч океан университети (Япония), магистратура, магистр;

-30.03.2012-16.07.2013-Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетечиси;

-28.01.2011-30.03.2012  – Баткен областынын мамлекетттик администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башкы адиси;

-07.07.2010-28.01.2011  – Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;

-04.06.2010-07.07.2010  – Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетечисинин милдетин аткаруучу;

-04.06.2010 -19.05.2010 – Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;

-07.02.2008-19.05.2010  – Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын ишкердикти колдоо жана туризм секторунун  башчысы;

– 16.03.2007-07.02.2008  – Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын экономика, финансы жана ишкердикти колдоо бөлүмүнүн башкы адиси;

-01.11.2006 -15.03.2007 – Кыргыз Республикасынын Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын Тажик Республикасынын Согди областындагы Өкүлчүлүгүнүн эсепчиси;

-05.09.2003-28.09.2006  – Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын экономика, финансы жана ишкердикти колдоо бөлүмүнүн башкы адиси;

-28.08.2000-01.09.2003- – Баткен мамлекеттик университетинин алдындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун экономикадагы математикалык ыкма жана информатика кафедрасынын башчысы,  табият таануу жана педагогика факультетинин окутуучусу

Марсбек Уулу Илич

Биография

Туулган күнү жана жылы: 1983-жыл 30-июль

Туулган жери: Жаны-Талап а., Ак-Талаа району Нарын облусу

Улуту: кыргыз

Жарандыгы: Кыргыз Республикасынын жараны

Билими: Жогорку

Бүткөн жылы: 2006-ж. Докуз Эйлюль Университети, Измир ш., Турция – Башкаруу илимдер бөлүмү; 2014-ж. Мамлекеттик Нарын С.Нааматов атындагы университети – Айыл чарбасында башкаруу адистиги жана экономикасы боюнча магистратура

Адистиги: Башкаруу жана экономика илимдери боюнча магистри

Кошумча билими: “Мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу” программасынын сертификаты (Англиянын мамлекеттик башкаруу улуттук мектеби, Лондон ш.)

Класстык чин: аскердик наамы 3-класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси

Чет тил билүүсү: кыргыз, орус, түрк, англис

Партия мүчөлүгү: жок

Наамдары: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамотасы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ардак грамотасы;

– Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан “Алкыш каты”, – “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын отличниги” төш белгиси.

ЭМГЕК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

2006-2007-жылдары «Азия Ятырымжылык, Туризм, Иншаат» Бодрум ш., Турция. Менеджер

2008-2011-жылдары «Борбордук Азия Дистрюбшн (CAD)» ЖЧК Бишкек ш. Финансы менеджери

2011-2011-жылдары Нарын мамлекеттик областык администрациясы Жетектөөчү адис

2011-2011-жылдары Нарын мамлекеттик областык администрациясы Туризмди өнүктүрүү секторунун башчысы

2011-2012-жылдары  Нарын мамлекеттик областык администрациясы Экономиканы өнүктүрүү бөлүм башчысы

2012-2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси

2013-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Инспектордук – уюштуруу иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы

2014-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн эксперти

2019-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти Директор

2021-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин министрдин орун басары

Back to top button