Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Республика боюнча сугат суунун берилиши – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Республика боюнча сугат суунун берилиши

Кыргызстанда сугат – стратегиялык тема болуп саналат, анткени ал азык-түлүк коопсуздугуна жана айыл чарбасында негизги ролду ойнойт. Суу менен камсыз кылуу жөнүндө сөз болгондо, балким сугаттын электрондук картасы болсо идеалдуу болмок. Буга болсо инвестиция салып, адистерди тартуу керек. Карта, эксперттердин пикири боюнча, суунун чыгымын эсептөөгө, суу берүү графигин  жана аны үнөмдөөнү ойлонууга түрткү болот.

Азырынча суу ресурстары кызматынын кызматкерлери бардык маалыматтарды колдо болгон каражаттар менен чогултушат. Бирок бул маалыматтар да Кыргыз Республикасындагы суу менен камсыздоону талдоо үчүн негиз болуп берет:

«2023-жылдын 1-августуна карата абал боюнча сугат жерлерин суу менен камсыздоо планы 4155,7 млн ​​м3 түздү, анын ичинде сугатка иш жүзүндө 3822,9 млн м3 суу берилди же пландан 92% ды түздү, бул  2022-жылга салыштырмалуу 66,4 млн м3 көп.

Сугаруунун гектарлык планы 2662,5 миң га болсо, иш жүзүндө 2371,4 миң га түздү. Биринчи сугат менен бардыгы болуп 965,8 миң га, экинчи сугат менен 1159,8 миң га аянт сугарылды, анын ичинен: кылкандуу дан эгиндери — биринчи сугат менен 185,8 миң га, экинчи сугат менен 46,3 миң га; көп жылдык өсүмдүктөр – биринчи сугат  менен – 250,9 миң га, экинчи сугат менен – 292,7 миң га; дан жүгөрүсү – биринчи сугат  менен – 104,0 миң га, экинчи сугат  – 170,2 миң га; жашылчалар – биринчи сугат – 111,97 миң га, экинчи сугат – 203,5 миң га; башка айыл чарба өсүмдүктөрү – биринчи сугат 173,9 миң га, экинчи сугат – 242,7 миң га; күрүч – биринчи сугат – 11,488 миң га, экинчи сугат – 25,0 миң га; пахта – биринчи сугат – 21,72 миң га, экинчи сугат – 41,42 миң га, буурчак – биринчи сугат – 42,9 миң га, экинчи сугат менен  – 40,3 миң га аянт сугарылды.

Баткен облусу боюнча сугат суу берүү планы 352,87 млн.м3 болсо, иш жүзүндө 345,0 млн м3 берилди же пландан 98% аткарылды. Айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча сугарылды: дан эгиндери – биринчи сугат – 4,8 миң га, экинчи сугат – 7,2 миң га,  көп жылдык өсүмдүктөр – биринчи сугат – 5,086 миң га, экинчи сугат – 17,5 миң га; дан жүгөрүсү– биринчи сугат — 9,623 миң гаа, экинчи сугат — 19,4 миң га; жашылчалар – биринчи сугат – 5,4 миң га, экинчи сугат – 8,8 миң га, бакчалар – биринчи сугат – 16,8 миң га, экинчи сугат – 31,9 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугат – 11,15 миң га, экинчи сугат – 25,0 миң га.

Ош облусу боюнча сугат суу берүү планы 731,32 млн м3 болсо, иш жүзүндө 660,2 млн м3 берилди же пландан 90% аткарылды. Эгиндер боюнча сугаруу төмөнкүдөй болду: дан эгиндери — биринчи сугат – 9,8 миң гектар, экинчи сугат – 11,6 миң гектар; көп жылдык – биринчи сугат – 15,76 миң га, экинчи сугат – 47,70 миң га; данга жүгөрү – биринчи сугат — 25,97 миң га, экинчи сугат – 54,25 миң га; жашылчалар – биринчи сугат – 24,47 миң га, экинчи сугаруу – 63,21 миң га, бакчалар – биринчи сугаруу – 4,71 миң га, экинчи сугат – 10,39 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугат – 30,17 миң га, экинчи сугат – 44,87 миң га.

Жалал-Абад облусу боюнча сугат суу берүү планы 603,6 млн м3 болсо, иш жүзүндө 652,2 млн м3 берилди же план 108%га аткарылган.Өсүмдүктөр  боюнча сугарылды: дан эгиндери – биринчи сугат — 9,6 миң га, экинчи сугат – 9,6 миң га; көп жылдык өсүмдүктөр – биринчи сугат – 19,1 миң га, экинчи сугат – 36 миң га; данга жүгөрү — биринчи сугат – 26,6 миң гектар, экинчи сугат – 48,7 миң га; жашылчалар – биринчи сугат –17,1 миң га, экинчи сугат – 30,5 миң га, бакчалар – биринчи сугат – 3,1 миң га, экинчи сугат — 6,1 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугат – 33,2 миң га, экинчи сугат — 64,7 миң га.

Ысык-Көл облусу боюнча сугат суу берүү планы 375,0 млн м3 болсо, иш жүзүндө 370,1 млн м3 берилди же пландан 99% аткарылды. Эгиндер боюнча сугарылды: дан эгиндери – биринчи сугат — 46,19 миң га, экинчи сугат – 5,3 миң га; көп жылдык өсүмдүктөр – биринчи сугат – 46,587 миң га, экинчи сугат – 30,7 миң га; дан жүгөрүсү – биринчи сугат – 0,005 миң га, экинчи сугат – 0,005 миң га; жашылчалар – биринчи сугат – 22,58 миң га, экинчи сугат  – 17,2 миң га, бакчалар – биринчи сугат – 6,73 миң га, экинчи сугат – 5,4 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугат – 22,2 миң га, экинчи сугат – 13,4 миң га.

Нарын облусу боюнча сугат суу берүү планы 497,5 млн м3 болсо, иш жүзүндө 400,3 млн м3 берилди же пландан 80%ы сугарылды. Айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча сугарылды: дан эгиндери – биринчи сугат — 26,78 миң га, экинчи сугат — 5,422 миң га; көп жылдык өсүмдүктөр – биринчи сугат – 68,636 миң га, экинчи сугат – 18,651 миң га; дан жүгөрүсү — биринчи сугат — 0,155 миң га, экинчи сугат — 0,24 миң га; жашылчалар — биринчи сугат — 5,2 миң га, экинчи сугат — 7,5 миң га, башка айыл чарба өсүмдүктөрү – биринчи сугат — 12,3 миң га, экинчи сугат — 6,5 миң га.

Чүй облусу боюнча сугат суу берүү планы 1108,87 млн м3 болсо, иш жүзүндө 974,2 млн м3 берилди же пландан 88%ын түздү. Дан эгиндери боюнча сугарылды: дан эгиндери – биринчи сугат — 77,45 миң гектар, экинчи сугат — 3,05 миң гектар; көп жылдык өсүмдүктөр – биринчи сугат – 79,3 миң га, экинчи сугат – 125,4 миң га; дан жүгөрүсү  – биринчи сугат – 38,8 миң га, экинчи сугат — 45,9 миң га; жашылчалар – биринчи сугат – 27,03 миң га, экинчи сугаруу – 66,1 миң га, бакчалар – биринчи сугаруу – 8,6 миң га, экинчи сугат – 13,8 миң га, башка айыл чарба өсүмдүктөрү – биринчи сугат – 41,55 миң га, экинчи сугат – 86,1 миң га.

Талас облусу боюнча сугат суу берүү планы 486,5 млн. м3 болсо, иш жүзүндө 420,8 млн. м3 берилди жепландын 86 % пайызын туздү. Дан эгиндери боюнча сугарылды: дан эгиндери – биринчи сугат — 11,2 миң. га, экинчи сугат – 4,1 миң. га;

Көп жылдык өсүмдүктөр- биринчи сугат – 16,4 миң. га, экинчи сугат – 16,8 миң. га; жүгөрү өсүмдүгүнө биринчи сугат – 2,8 миң. га, экинчи сугат– 1,7 миң. га; жер-жемиш – биринчи сугат – 10,1 миң. га, экинчи сугат –10,1 миң. га.

Биринчи сугат – 2,6 миң. га, экинчи сугат – 2,0 миң. га., ж.б. өсүмдүктөр – биринчи сугат – 23,3 миң. га, экинчи сугат– 2,2 мин. га.

Show More
Back to top button