Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Лейлек районундагы Максат каналынын курулуш ишинин 80 пайызы бүттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Лейлек районундагы Максат каналынын курулуш ишинин 80 пайызы бүттү

Министр Аскарбек Джаныбековдун Баткен облусуна  болгон иш сапарынын алкагында, Баткен районундагы ири ирригациялык объектилердин курулушу менен таанышты.

2017-жылдын аягында Молдо-Нияз каналын куруу иштери башталып, ушул жылдын күзүндө бүтө турчу  каналдын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Каналдын сметалык баасы 280 миллион сомду түзөт. Курулуш аяктагандан кийин 300 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт жана 410 гектар жерди суу менен камсыз кылуу жакшырат.

Долбоордун алкагында узундугу 538 жана 165 метр болгон эки тоннелдин курулушу аяктады. Ошондой эле, 80% магистралдык каналдын жана чарбалар аралык сугат тармактарынын курулушу ушул жылдын октябрь айына чейин толук бүтөөрү маалымдалды.

Андан кийин Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат каналынын курулушу менен таанышты. 2020-жылы ноябрь айында биринчи этабынын курулушуна 100 миллион сом бөлүү чечими кабыл алынган. Иштин 80% га жакыны бүттү: башкы структуранын, суу алдындагы каналдын жана тунгучтун курулушу аяктоо алдында турат. Объект өзү 4 этап менен курулат. Бардык курулуштун сметалык баасы 1 миллиард 900 миллион сомду түзөт. Эгерде каражат өз убагында бөлүнүп берилсе, анда объектини 4 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда. Курулуш аяктагандан кийин 1800 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлөт, 7550 гектар жер суу менен камсыз болот. Биринчи этап май айынын аягында бүтөт.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button