Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр А. С. Джаныбеков “Мыкты чарбакер” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарын тапшырды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр А. С. Джаныбеков “Мыкты чарбакер” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарын тапшырды

Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин жана айыл чарба ишканаларынын арасында “Мыкты чарбакер” наамы боюнча конкурстун жыйынтыгын жарыялайт.
Конкурс Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин жана айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгүн, айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүдөгү, жаңы жумуш орундарын түзүү ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлдү.
“Мыкты чарбакер” наамына сынак боюнча ХIV номинация өткөрүлдү. Конкурстук сынактын жеңүүчүлөрү болуп төмөндөгүлөр аныкталды:
– “Кыргыз Республикасында органикалык чарбаны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” номинациясына Теплоклюяенка айылынын тургуну Айна Рысмендиевага;
– “Кыргыз Республикасындагы балык тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” номинациясына Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы “Садеко” жоопкерчилиги чектелген коому;
– “Агроөнөр жай комплексиндеги мыкты инновация үчүн” номинациясына Нарын облусунун Нарын районундагы “Нур” айыл чарба кооперативи;
– “Айыл чарба чөйрөсүндөгү мыкты стартап үчүн” номинациясына “Enactus КГЮА” бейөкмөт уюму;
– “Агроөнөр жай комплексиндеги илимий жетишкендиктери үчүн” номинациясына Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун кызматкери Батмабүбү Тентиевага;
– “Мал чарбасындагы жетишкендиктери үчүн” номинациясына Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Аккула” фермердик асыл тукум чарбасы;
– “Үлгүлүү асыл тукум мал чарбасы” номинациясына “Агрофирма Чабрец” жоопкерчилиги чектелген коому;

– “Үлгүлүү үрөнчүлүк чарбасы” номинациясына Баткен облусунун Лейлек районундагы “Бекзат А” асыл тукум фермердик чарбасы;
– “Үлгүлүү айыл чарба кооперативи” номинациясына Ош облусунун Чоң-Алай районундагы “Артур” кооперативи;
– “Мыкты айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жана өндүрүүчү” номинациясына Чүй облусундагы Москва районунун “Дан Агро Азыктары” жоопкерчилиги чектелген коому;
– “Мелиорациядагы жетишкендиктери үчүн” номинациясы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматынын Өзгөн мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Өмүрзаковго;
– “Мыкты механизатор” номинациясы Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Суу айыл аймагынын трактористи Канат Темировго;
– “Мыкты багбан” номинациясы Ош облусунун Ноокат районунун “Ноокат Алмасы” багбанчылык кооперативи;
– “Мыкты ветеринар” номинациясы Талас облусунун Талас районунун “Абдыш Ата” ветеринардык сервисине ыйгарылды.

Show More
Back to top button