Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр А. Джаныбеков Россия Федерациясынын бириккен дан компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Министр А. Джаныбеков Россия Федерациясынын бириккен дан компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Айыл,  суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри А.Джаныбеков Россия Федерациясынын Бириккен дан компаниясынын (ОЗК) директорунун биринчи орун басары О.Солдатенков жана компаниянын  өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууда, эки тарап буудай,  ун азыктарын жана дан эгиндеринин үрөндөрүн Кыргызстанга экспортоо ошондой эле эт азыктарын сатуу, сатып алуу боюнча узак мөөнөттөө кызматташууну талкуулашты.

 Россия Федерациясынын бириккен дан компаниясынын өкүлдөрү ААК”Акун” ЖАКЫ, “Бишкек Мелкомбинат” ААК “КазГрейн” ЖЧКсынын ишканалары менен жеринен таанышканын билдирип, кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Министри А.Джаныбеков: “Кылкандуу дан эгиндеринин үрөнүн жакшыртуу биздин эң артыкчылыктуу багыттардын бири. 2021-жылда күздүк себүүгө буудайдын эң алдыңкы сортторун Россиядан же Казакстандан алып келүүнү долбоорлоп жатабыз. Кыргызстанда фермерлердин басымдуу бөлүгү мал багуу менен алектенишет. Малдын тоютуна жүгөрүнун сапаттуу урөнүн алууга дагы дыйкандарыбыз кызыкдар. Биз жүгөрүнүн сапаттуу үрөнүн сатып келүү боюнча дагы долбоорлорду даярдап жатабыз”, – деди ал.

Мындан сырткары министр,  Россия Федерациясынын бириккен дан компаниясынын өкүлдөрүнө кызматташууга ар даяр экенинин билдирди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button