Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстанга жеңилдетилген шарттар менен өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык каражаттарды алынып келет – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстанга жеңилдетилген шарттар менен өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык каражаттарды алынып келет

2021-жылдын 28-апрелинде, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбековдун Россия Федерациясына болгон иш сапарында, «Щелково Агрохим» ААК ишканасынын башкы директору Каракотов Солис Добаевич, КМШ өлкөлөрүнүн «Семена» ассоциациясынын жетекчиси Кузьмин Иван Иванович жана Өсүмдүк өстүрүү департаментинин жетекчиси Прянишников Александр Иванович менен жолукту.

Жолугушунун алкагында Россиядан Кыргызстанга 2000 тонна Краснодар селекциясында өстүрүлгөн буудайдын үрөнү жана 100 тонна күздүк буудайдын үрөнүн акысыз жеткирүү жана аны республиканын аймактарында  сыноо өткөрүү жөнүндө келишими түзүлдү.

Мындан сырткары, министр А. Джаныбеков «Щелково Агрохим» ААК ишканасы башкы директору С. Каракотов менен сүйлөшүп, Кыргызстанга жеңилдетилген шарттар менен өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык каражаттарды алып келүүгө макулдашты.

Бул ишкана өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык каражаттардын эң ири өндүрүүчүлөрүнүн катарына кирет, Россияда жеткирүүчү экспортерлордун арасында үчүнчү орунда турушат. РФ ар бир алтынчы гектар жеринде булардын химиялык каражаттары колдонулат.

Ошондой эле өндүрүш ишканаларын жана дары-дармектердин жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу боюнча илимий лабораториялар иши менен таанышты.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button