Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Сапаттуу үрөн өндүргөн үрөн чарбаларга ГФСУдан жер берилип жатат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Сапаттуу үрөн өндүргөн үрөн чарбаларга ГФСУдан жер берилип жатат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  № 309 токтому үрөн өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзүп, сапаттуу үрөн өндүргөн үрөн чарбаларга АЧЖМФнан (ГФСУ) жер берилип жатат. Эгерде АЧЖМФнан жер алган үрөн чарбалар сертификатталган  үрөн өндүрбөгөн шартта, көз карандысыз эксперттер менен мониторинг жүргүзүлүп алардын  статусу алынат.

2023-жылдын жазгы себүүсүнө жалпы 66,7 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү керектелсе, анын 59,8 миң тонна үрөнү топтолуп  89,6% камсыз болду. Анын ичинен, буудай үрөнү 24,0 миң тонна керектелсе, 21,1 миң тоннасы топтолуп, 88,0 % түздү,  арпа үрөнү 42,7 миң тонна керектелсе, 38,6 миң тоннасы, же 90,5% топтолду.

Жетпеген үрөндөр Россия Федерациясынан келген үрөндөр менен жана дотация системасы аркылуу камсыздалат, анткени дотация системасы аркылуу 2020-2021-2022 жылдары 30 пайыз арзан баада 7,0 миңден ашык дыйкандарыбыз 6603,0 тонна үрөн алышты.

2023-жылга карата жазгы талаа жана күзгү жумуштарына үрөнчүлүк чарбалардан берилүүчү үрөндөргө республикалык бюджеттен мамлекеттик дотацияны төлөө үчүн 114,1 млн.сом каражатын бөлүү каралып жатат, анын ичинен жазгы себүүгө 85,0 млн. сом, күздүк себүүгө 29,0 млн. сом  каралууда.

Учурда  2023-жылдын жаздык себүүсүнө дотация системасы аркылуу берилүүчү үрөндөрдүн баалары аныкталып, үрөндөрдү дыйкан фермерлерге 30 пайызга  арзан баада  берүү иштери башталды.

Show More
Back to top button