Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
EAЭБ маркировкасынын жоктугу өнүмдөрдүн жок болушуна алып келет – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

EAЭБ маркировкасынын жоктугу өнүмдөрдүн жок болушуна алып келет

Евразия экономикалык комиссия Кеңешинин 2021-жылдын 5-мартындагы №22 чечими менен бекитилген Бажы бирлиги комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы №318 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү үстүбүздөгү жылдын 19-майынан тартып күчүнө кирген.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, карантинге алынган өндүрүмдүн ар бир партиясы, ошондой эле жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материал Комиссия Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №157 чечими менен бекитилген Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарга ылайык маркаланууга тийиш ( мындан ары – БКФТ) жана каршы учурда карантинге алынган өндүрүмдүн ташылып келинген партиясы карантиндик фитосанитардык талаптарга шайкештигин фитосанитардык сертификат тастыктаган жок деп таанылат.

БКФТ каралган маркалоо жок болгон учурда, өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы карантинге алынган өндүрүмдүн партиясын алып келүүгө тыюу салуу же бажы транзитинин бажы процедурасына жайгаштырууга тыюу салуу, карантинге алынган өндүрүмдүн партиясын кайтарып берүү же аны жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Ушуга байланыштуу, 2021-жылдын 7-июнунда Борбордук аппараттын адистери Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдүн карантини башкармалыгы менен биргеликте Бажы биримдигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы №318 чечимине киргизилген өзгөртүүлөрдүн БКФТ каралган карантинге алынган өнүмдөрдүн таңгагындагы маркалоосунун жана андагы маалыматтардын болушун контролдоого байланыштуу бөлүгүн түшүндүрүү боюнча биринчи кеңешме өткөрүштү.

Бул жолугушууга Чүй облусунун тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн (УВЭД) өкүлдөрү катышты.

Келечекте мындай иш-чаралар республиканын башка аймактарында дагы өткөрүлөт.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button