Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Премьер-министр Улукбек Марипов Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековду министрликтин жамаатына тааныштырды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Премьер-министр Улукбек Марипов Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековду министрликтин жамаатына тааныштырды

2021-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министр Аскарбек Жаныбековду тааныштырды.

Өкмөт башчы белгилегендей, министрлик колдогу мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, айыл чарба тармагындагы ишкерлерди колдоого алуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоосу зарыл.

“Министрлик алдында айыл чарбаны реформалоо жана аймактарды өнүктүрүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу боюнча маанилүү милдет турат, анткени, калктын басымдуу бөлүгү аймактарда жашайт”, – деди ал.

Премьер-министр Улукбек Марипов ведомствонун жаңы жетекчисине жана жалпы жамаатка жемиштүү жана ийгиликтүү ишти каалады.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button