Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министрлик: Картошка жер төлөдө чирип жаткандыгы чындыкка дал келбейт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Министрлик: Картошка жер төлөдө чирип жаткандыгы чындыкка дал келбейт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин берген расмий маалыматына ылайык былтыр 2023-жылы өлкөдөн 42,2 миң тонна Россия, Казахстан, Өзбекстан, Түркмөнстан мамлекеттерине экспорттолгон.
Башкача айтканда, картошканын баасы 2023-жылдын апрель айында 23,3 сом, май айында 30,0 сом, июнь айында 45,0 сом, сентябрь айында 30,0 сом, октябрь айында 25,2 сом, ноябрь айында 26,5 сом болгон.
Ал эми 2022-жылы апрель айында 25,6 сом, май айында 35 сом, июнь айында 40,0 сомду түзгөн.
Быйыл 2024-жылдын март айына карата республика боюнча кортошкага болгон орточо дүң баасы 10-12 сомдон, ал эми базарларда 18 сомдон 25 сомго чейин сатылууда.
Учурда Өзбекстан мамлекетине экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Кытай мамлекетине дагы картошканы экспорттоого сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйында депутат Акылбек Түмөнбаев картошка маселесин көтөрүп, эл сата албай, жер төлөдө чирип, малга берип жатышканын айткан. Министрлик бул маалымат чындыкка дал келбестигин билдирет.

Show More
Back to top button