Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министрлик Ош жана Баткенде соода-логистикалык борборлорду курууга өнөктөштөрдү чакырат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Министрлик Ош жана Баткенде соода-логистикалык борборлорду курууга өнөктөштөрдү чакырат

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кызыкдар компанияларды жана инвесторлорду Ош жана Баткен облустарына соода-логистикалык борборлорду (СЛБ) курууга катышууга чакырат. Биздин долбоор айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайындагы инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жакшыртууга багытталган.

Долбоордун мүнөздөмөлөрү:

СЛБнын аянты: 3 гектар

СЛБнын көлөмү: 5 тонна

Долбоордун максаты:

– айыл чарбасынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн заманбап соода-логистикалык аймактарды түзүү;

– айыл чарба продукциясын сактоо жана бөлүштүрүү үчүн заманбап аймактарды берүү аркылуу айыл аймактарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

– долбоордун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн инвестицияларды жана өнөктөштөрдү тартуу.

Өнөктөштүктөрдүн мүмкүнчүлүктөрү:

– соода-логистикалык борборлорду каржылоого жана курууга катышуу;

–  жер тилкелерин берүү жана каттоо мүмкүнчүлүгү;

– СЛБнын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу үчүн өнөктөштүктөрдү түзүү;

– жеңилдетилген кредиттерди берүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү.

Кызыккан компаниялар жана инвесторлор өз кызыкчылыктарын билдирүүгө жана кызматташуу боюнча сунуштарды берүүгө чакырылат. Кошумча маалыматты төмөнкү байланыш маалыматтары аркылуу ала аласыздар:

Ош облусу боюнча

Парпиев Айбек

Телефон: 0550825725

Email: aibek.parpiev@mail.ru

Баткен облусу боюнча

Айдыралиева Нурайым

Телефон: 0990559028

Email: aydar767672@gmail.com

Show More
Back to top button