Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстан Катар мамлекетинде өтүп жаткан “Экспо – 2023” көргөзмөсүнө катышууда – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстан Катар мамлекетинде өтүп жаткан “Экспо – 2023” көргөзмөсүнө катышууда

2023-жылдын 2-октябрынан 2024-жылдын 28-мартына чейин Катар мамлекетинин Доха шаарында “Жашыл чөл, эң жакшы айлана чөйрө” көргөзмөсү өтүүдө.
Бул иш-чара чөлдүү климаттык региондогу биринчи багбанчылык көргөзмөсү болуп, климаттын, суунун жана топурактын туруктуулугуна басым жасап, багбанчылык инновациясын кубаттайт. Көргөзмөнү өткөрүү үчүн Катар Өкмөтү Аль-Бидда паркынын аймагынан 1700 миң чарчы метр аянт бөлүп берет.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги 2023-жылдын мартында ЭКСПО көргөзмөсүнө катышуу жөнүндө расмий макулдугун жөнөтүп, 2023-жылдын 29-июнунда катышуу келишимине кол коюлган. Бул иш-чара өлкөнүн инвестициялык, айыл чарба, экономикалык, туристтик, климаттык маселелерин илгерилетүү үчүн жакшы эл аралык аянтча болуп саналат.
“Кыргызстан” улуттук павильонун орнотуу үчүн иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан жалпы 900 кв.м. участок бөлүнгөн, анын ичинен “Кыргызстан” улуттук павильонунда аянты 180 кв. м. сатууга болот, калган участок стилистикалык жасалгалоого (маданият, туризм) арналган.
Көргөзмөгө Кыргыз компаниялары катышууда: бал – 9 компания, варенье, джем – 1 компания, суу – 1 компания, кургатылган жемиштер – 3 компания, текстиль жана жеңил өнөр жай – 2 компания, татымалдар – 1 компания косметикалык продукция (самын, крем, бальзам, майлар) – 1 компания, курут – 1 компания.
Министрликтин алдындагы Токой кызматы көргөзмө павильонунун сыртын жасалгалоо үчүн 40 даана 1,2 тонна салмактагы көчөттөрдү бөлүп берди. Алардын ичинен Тянь-Шань карагайы – 5 даана, тикенек карагайы – 5 даана, Крым карагайы – 5 даана, карагайы – 5 даана, арча – 5 даана, Чыгыш туя – 5 даана, колонна туя – 5 даана.

Show More
Back to top button