Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жыл сайын май, июнь айларында суунун тартыштыгы байкалат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жыл сайын май, июнь айларында суунун тартыштыгы байкалат

2021-жылдын 8-июнунда Чүй облусунун дыйкандары сугат суу маселесин чечип берүү маселеси менен митингге чыгышкан.

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана раймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик суу чарба агенттигинин директору Алмазбек Сокеев бул маселе боюнча төмөндөгүдөй жооп берди:

Жыл сайын май, июнь айларында суунун тартыштыгы байкалат. Маселен, 2021-жылдын 8-июнуна карата Орто-Токой суу сактагычынан чыккан суунун көлөмү 120,0 м3 / с түздү. Алардын ичинен Чүй дарыясынын боюндагы суунун чыгымы 30 м3 / с болсо, ал эми Чүй облусу боюнча 80 м3 /с гана түзгөн.

8-июнга карата Чоң-Кемин дарыясындагы (Чүй дарыясынын башкы куймасы) суу 17,8 м3 түздү, демек, Чүй облусунун суу ресурстарынын жалпы көлөмү 97,8 м3 / с түзөт.

Чүй дарыясынын тутуму боюнча токтотулган сугат аянты 165,2 миң га.

Кыргызгидромет вегетация мезгилинде болжолдонгондой, 2021-жылы суу 22% га аз, ал эми июнь айына болжолдуу суу менен камсыз болгонго караганда 39% га аз болгон.

8-июнга карата Чоң Кемин дарыясынын боюнда 17,8 м3 / с болсо, 2020-жылы ушул күнгө карата 28,50 м3 / с түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу  10,7 м3 / с түзгөн.

Суу ресурстарынын кескин жетишсиздигине байланыштуу, Чүй облусунун дыйкан чарбаларын сугат суусу менен камсыз кылуу жана жөнгө салуу максатында, 2021-жылдын 8-июнунда сугат суунун сарпталышын көзөмөлдөө үчүн атайын штаб түзүлгөн.

Сугат сууну жөнгө салуу боюнча өткөрүлгөн облустук ыкчам штабынын отурумунда төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

1) Баардык райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине, Агрардык өнүктүруу башкармалыгынын башчыларына, райондук Суу чарба башкармалыгына, Чүй Суу чарба башкы башкармалыгы койгон сугат суу боюнча лимиттерди так сактоо;

2) Сугат суу боюнча лимиттерди так сактабагандыгы үчүн Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун жетекчилерине сын-пикирди жарыялоо боюнча сунуштар киргизилди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button