Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Климатка туруштук берүүчү айыл чарба нарк чынжырчаларын өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Климатка туруштук берүүчү айыл чарба нарк чынжырчаларын өнүктүрүү

Кыргыз Республикасы Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) климатка туруктуу айыл чарбанын кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү боюнча сунушталган долбоордун чыгымдарын жабуу үчүн өтүнмө берилгендигин маалымдайт. Сунуш кылынган долбоор катышуучу финансылык институттардын (КФИ) өлкө боюнча багбанчылык менен алектенген ишкерлерге жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу аркылуу багбанчылыктын кошумча нарк чынжырын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиясын колдойт. Долбоор ошондой эле: (i) фермерлер менен кайра иштетүүчүлөрдүн жана/же экспорттоочулардын ортосундагы келишимдик мамилелерди түзүү; (ii) жоготууларды азайтуу үчүн климатка ыңгайлашкан айыл чарба  продукциясын иштетүү тажрыйбасын жайылтуу; (iii) бизнес ээлерин, ишкер айымдарды жана/же менеджерлерди бизнести башкарууга жана ишкердикке үйрөтүү;  (iv) Кыргызстандын айыл чарба продукциясын чек ара аркылуу соодалоого көмөктөшүү боюнча чараларды ишке ашыруу сыяктуу маселерин да чечүүгө көмөк көрсөтөт. Каржылоонун бир бөлүгү ишке ашырууну колдоо боюнча консультанттарды (ISC) тартууга жумшалат, алар Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине (AЧМ), аткаруучу агенттикке, ишке ашырууну башкаруу жана көзөмөлдөө иштерине жардам беришет.

Айыл чарба министрлиги АӨБ мүчө-өлкөлөрүнүн тиешелүү тажрыйбалуу консалтинг фирмалары https://selfservice.adb.org/OA_HTML/adb/xxcrs/jsp/ADBCsrnFwd.jsp?sel=190526

аркылуу керектүү консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө кызыкдар тараптарды өз билдирүүлөрүн берүүгө чакырат.  

Консалтинг фирмасы төмөнкүлөргө милдеттүү:

  1. айыл чарба рыногунун чынжырчалары үчүн баалуулуктарды түзүү, долбоорлорду башкаруу жана жеке сектор менен биргеликте каржыланган инвестицияларды ишке ашыруу, ошондой эле көзөмөлдөө боюнча чоң тажрыйбасы бар эл аралык консалтинг фирмасы болууга;
  2. айыл чарбасына багытталган финансылык ортомчулук кредиттери менен таанышууга;
  3. Кыргыз Республикасындагы багбанчылыкты өнүктүрүүнүн башка долбоорлору менен таанышууга;
  4. АӨБ жана/же Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган окшош долбоорлорду ишке ашырууда жана көзөмөлдөөдө тажрыйбалуу болууга .

Консалтинг фирмасы зарыл болгон учурда жагдайга жараша башка эл аралык жана улуттук консалтинг фирмалары менен кызматташа алат. Консалтингдик фирмасы Кыргыз Республикасындагы айыл чарбасына тиешелүү долбоорлордун акыркы тажрыйбасын негиздей алышы керек.

Консалтинг фирмасы АӨБдүн карыз алуучулары үчүн Сатып алуулар жөнүндө жободо (2017-ж., мезгил-мезгили менен оңдоолордо) белгиленген жол-жоболорго, толук техникалык сунушка, сапатка жана баага негизделген тандоо ыкмаларына ылайык тандалат (QCBS, 90:10).

Кызыкчылык билдирүүлөрүн тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 18-октябры

Кошумча маалымат алуу жана тандоого байланыштуу башка суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылса болот:

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Киев көч., 96А

Суроолорду төмөнкү электрондук почта аркылуу жөнөтүңүз: piumoa996@gmail.com

Show More
Back to top button