ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“ДыйканДос” региондор менен таанышууда

Айыл чарбасын санариптештирүүнүн алкагында, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, Enactus KRSU командасы менен биргеликте “Дыйкан Дос” телеграмм – ботун түздү, ал ар бир дыйкан үчүн жеке онлайн жардамчысы болуп саналат.


Ушул долбоордун алкагында, аны жайылтуу жана дыйкандарга телеграм ботун колдонууну жана алардын ишине пайдалуу ыкмаларын үйрөтүү боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыккан.
Ал эми бугүн, 1-июньда Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында Enactus KRSU командасы жергиликтүү фермерлерге жанан айыл чарбалардын өкүлдөрүнө тренинг өткөрүштү.


“Дыйкан Дос” телеграмма боту эмне кыла алат жана дыйкандар үчүн кандай пайдалуу?
– Дыйкандарга адистерден өсүмдүктөрдүү өстүрүү боюнча кеңештерди бере алат.
– Окуу материалдарына: маалымдамаларга, видеофильмдерге, айыл чарба боюнча адабияттарды колдоонуга мүмкүнчүлүк берет.
– БОТ документтин шаблондорун, каталогдорун жана регистрлерин камсыз кылат
Ошондой эле, окуу материалдары жана продукцияны ташып келүү жана экспорттоо боюнча документтер, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук уюмдары жөнүндө маалыматтар телеграмм-ботто бар.


“Дыйкан Дос” телеграм боту аркылуу ар бир дыйкан көйгөйлөрүн жана арыздарын түздөн-түз министрликке жеткире алат
Тренингдерди өлкөбүздүн бардык 40 аймагында өткөрүү пландаштырылууда, биз Ош, Баткен жана Жалал-Абаддын түштүк аймактарынан баштадык, жайдын аягына чейин республиканын бардык аймактарын камтууну пландап жатабыз.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button