Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыялар боюнча маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыялар боюнча маалымат

«Айыл чарба каржылоо-9» долбоорун максаттуу тармактары болуп мал чарбачылык, өсүмдүк өстүрүү, (анын ичинде сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологиялары – тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу; күнөскана чарбалары, интенсивдүү багбанчылык жана органикалык айыл чарба өндүрүшү), айыл чарба продукциясын кайра иштетүү.

Кыргызстанда дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген кредит 15-февралдан тарта бериле баштады.

Насыяны Коммерциялык банктардан мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү (анын ичинде сугат суусун үнөмдөөчү технологиялар: тамчылатып сугаруу, күнөскана, интенсивдүү багбанчылык, органикалык айыл чарба өндүрүшү) жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү менен алектенген чарбалар алса болот.

Ошондой эле асыл тукум мал өстүрүү, үрөн чарбасы жана кант кызылчасын өндүрүү менен алектенген тараптарга артыкчылык берилет.

Тармактарга жараша жылына 6, 8 жана 10 пайыз менен берилет. Мисалы, мал жана өсүмдүк өстүрүү категориялары үчүн жылдык үстөгү 10 пайыз. Ал эми “Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбооруна катышкан кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы ишканалары менен келишим түзүп иштеген мал чарбачылыгы жана өсүмдүктөрдү өстүрүү категориясындагы чарбалар сегиз пайыз менен насыя ала алат. Кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы ишканалары үчүн жылына 6 пайыздык үстөк каралган.

10 пайыз менен берилген насыялардан кутулуу мөөнөтү үч жылдан ашпашы керек. Калган категориядагылар беш жылга чейин алса болот.

Мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү категориялары боюнча 18 айга чейин (күрөөсүз) алгандарга 150 миң сом, 36 айга чейин алгандарга (күрөө менен) 1 миллиондон 10 миллион сомго чейин насыя берилет. Сугатта сууну үнөмдөөчү технологиялары – тамчылатып сугаруу боюнча 3 жылга 10 миллион сом берилсе, ушул эле сумма 5 жылга багбанчылык менен алектенгендерге да каралган. Ал эми айыл чарба товарларын өндүрүүнү каалаган фермерлерге беш жылга чейинки мөөнөт менен 10 миллион сомго чейин каражат сунушталат.

Аталган доолборду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министерлиги тиешелүү 10 коммерциялык банктар менен келишимдерди түздү, алар:

ОАО “РСК Банк”

ОАО “Айыл Банк”

ОАО “Бакай Банк”

ОАО “Банк Бай Тушум”

ОАО “Оптима Банк”

ОАО “Коммерческий Банк Кыргызстан”

ОАО “Капитал банк”

ЗАО “КИКБ”

ОАО “ФинансКредитБанк”

ОАО “Халык Банк”

Долбоордун алкагында кредиттик каражаттарды алуу шарттары жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн, айылдык товар өндүрүүчүлөр республиканын аймактарында жайгашкан жогоруда аталган коммерциялык банктардын филиалдык тармактарына жана өкүлчүлүктөрүнө кайрыла алышат.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button