Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Республиканын аймагындагы минералдык жер семирткичтерди сатуу точкалары жана байланыш номурлары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Республиканын аймагындагы минералдык жер семирткичтерди сатуу точкалары жана байланыш номурлары

Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди ташып келүүнүн абалы жөнүндө Ата мекендик жеткирүүчүлөрдүн берген маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти төмөнкүлөрдү билдирет:

Кыргыз Республикасында миинералдык жер семирткичтерди өзүбүздө өндүрүү жок болгондугуна байланыштуу, республика минералдык жер семирткичтердин бүткүл көлөмүн башка өлкөлөрдөн ташып келет.

Кыргызстанга минералдык жер семирткичтерди импорттоону тиешелүү соода инфраструктурасына ээ болгон ата мекендик жеке коммерциялык структуралар жүзөгө ашырат.

Минералдык жер семирткичтердин негизги запасы постсоветтик мамлекеттерден – Өзбекстан Республикасынан, Россия Федерациясынан жана Казакстандан жүргүзүлөт.

Үстүбүздөгү жылдын 26-февралына карата, өткөн жылдын 15,6 миң тонна калдыктарын жана 2021-жылы ташылып келинген 26,4 миң тонна минералдык жер семирткичтерди эске алуу менен, айыл чарбасын минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо 42,0 миң тоннадан ашты.

2021-жылы ташылып келинген минералдык жер семирткичтердин ичинен республиканын түштүгүндө (Ош, Жалал-Абад, Баткен) 19,1 миӊ тоннадан ашык жер семирткич үч региондо, түндүктө (Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй) 7,3 миң тонна топтолгон.

Учурда дыйкандар тарабынан жер семирткичтерди сатып алуу интенсивдүү жүрүп жатат.

МЖСди топтоонун жана жүктөп кетүүнүн негизги пункттары, темир жолдун боюндагы МЖС-ди сактоочу негизги кампалар – Бишкек, Кара – Балта, Шопоков, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларында жайгашкан. Минералдык жер семирткичтердин келиши чегаралык сооданын эсебинен да аткарылат (Талас, Чүй жана түштүк областарда). Учурда республика боюнча минералдык жер семирткичтерди сатуунун 75тен ашуун точкалары бар.

Жер семирткичтерге болгон дүң баалар:

– аммиак селитрасы – 22,0 – 23,0 сом/кг.;

– карбамид – 25,0 – 25,2 сом/кг.;

Россия федерациясында өндүрүлгөн

– аммиак селитрасы – 23,0 – 24,0 сом/кг.;

– карбамид – 25,0 – 26,0 сом/кг.;

Республиканын аймагындагы минералдык жер семирткичтерди сатуу точкалары:

КАПУ, Бишкек ш., Масалиев көч. 22/2, тел: 0555 13-00-01, 0555 75-07-50, 0777 56-22-22

«Ак-Суу Трейд» ЖЧК, Шопоков ш., тел: 0777 40-00-01, 0555 13-00-01

«Юлита» ЖЧК, Бишкек ш., тел: 0555 98-30-16

«Негоциант» ЖЧК, Бишкек ш.Табалдиев көч. 114, 0773 31-31-07

Минералдык жер семирткичтерге болгон дүӊ чекене бааларын жогорудагы көрсөтүлгөн номерлерге чалып тактап алуу керек.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button