Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Дарак отургузуунун улуттук күнү белгиленди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Дарак отургузуунун улуттук күнү белгиленди

Улуттук көчөттөрдү отургузуу күнүнө карата Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ага окутуучулары атайын иш-чара өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлинин статс-катчы Э.И.Бахавадинов барып катышты. Ошондой эле, учурдагы кырдаалга байланыштуу 30 мамлекеттин өкүлдөрү көчөт отургузууну онлайн режиминде жүргүзүштү.

Көптөгөн өлкөлөрдө токойлорду кыюу жүрүп жаткан учурда, Түркия Республикасы бул аймакты жашылдандыруу үчүн мүмкүн болушунча көп көчөттөрдү отургузуп, жоголгон токойду калыбына келтирүү максатында бул экологиялык демилгеге кошулууга чакырат.

Министрлик буга чейин бул демилгеге кызыгуу менен көчөттөрдү, анын ичинен мөмөлүү дарактарды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушун киргизген. Быйыл Түркиянын Өкмөтү бул демилгени ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын питомниктерине 1000 көчөт (линден, клен, чынар, карагай) бөлүп, анын жарымы Ататүрк паркына отургузулду.

Иш-чара Кыргыз Республикасындагы Түркиянын ТИКА кызматташтык жана координация агенттигинин жардамы менен өткөрүлдү.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button